При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: А.Дүйшөмбаева балдар үчүн кийизден жасаган чыптамалар баалуу белек катары сатылат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну Аида Дүйшөмбаева 2 жылдан бери балдар үчүн кийизден этно стилдеги чыптамаларды тигип, баштыктарды жасайт. Өзгөчө кооз чыптамаларга буюртмаларды интернет аркылуу кабыл алат. Анын айтымында, борбор шаарда уз-чеберлер көп. Ал жасаган чыптамалар айырмаланып турушу үчүн түстүү боекторду көп колдонот.

«Ар бир чебердин өзүнүн стили болот. Мен азыр жаш балдарга ылайыктуу чыптамаларды жасап жатам. Чыптамаларды жасоодо кийизине өзгөчө көңүл бурам. Таза кийизди тандап алып, кыргыз оюуларын түшүрөм. Түстүү кийиздер менен жасалган чымтамалар адамдын көңүлүн дагы көтөрөт. Кыргыз эли эзелтеден жаш балдарга түстүү кийимдерди кийгизишкен», - деди ал.

Чебер айымдын айтымында, ал жасаган чыптамаларды көбүнчө тойлордо белекке беришет.

«Этно стилде жасалган чыптамаларды кардарлар жогору баалап, тойлорго көп алышат. Ошондой эле, кыргыз оюулары түшүрүлгөн баштыктар да модага айланууда. Жаш кыздар улуттук стилдеги баштыктарга көп кызыгышат», - деди АДүйшөмбаева.

Уз айым жасаган баштыктар карапайым элдин капчыгына туура келет. Баштыктардын баасы 700 сомдон башталса, чыптамалар 1600 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2903
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу