Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-февраль

При поддержке MegaCom

Мекендештер: 23 жаштагы Канат күнүнө 2 млн рубль киреше түшкөн Москвадагы ресторанда иштеп, универсалдуу ашпозчу болуп чыкты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Канат Акжолов учурда Москва шаарында универсалдуу ашпозчу болуп иштейт. Ал күнүнө 2 миллион рубль киреше түшкөн белгилүү ресторандардын биринде ашпозчулукту үйрөнгөндүгүн Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Учурда Москва шаарында иштеп жүрөм. Бул жерге келгениме 5 жылдын жүзү болду. Алгач Москвага келгенде тил билбей кыйналдым. 2013-жылдары уруксат кагазы менен гана эмгек мигранттар жумушка орношо алышчу. Уруксат кагазы көп эмгек акы алууга жана жакшы жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзчү. Мындай документи жокторду көчө шыпырууга, идиш жууганга жана токойдо дарак кыюу жумуштарына алышат. Мен Орусияга барганда биринчи эле дарак кыйып иштөөдөн баштагам. Күздүн нөшөрлүү жамгыры бул ишти башка жумушка алмаштырууга мажбур кылды. Ошол жылдары мындагы жергиликтүү эл сырттан келген эмгек мигранттарды өгөйлөп турган. Кыш мезгилинде бир ашканада идиш жууп иштей баштадым. Мына ошондо мага ашпозчу болуу жөнүндө ой келди. Идиш жууп жүрүп тапкан үч айлык айлыгыма уруксат кагаз алууга арыз тапшыргам. Ал эки айга жакын убакытта бүтчү.

Анан жаз мезгили келип, курулушта иштеп жүрдүм. Жайында ашпозчу болуу максатымды ишке ашыруу үчүн, документимди колго алдым да «Тануки» ресторанына ашпозчу болуп орноштум. Жашоомдогу эң оор күндөр ошол жерден өттү. Бул ресторан шаардагы атак даңктуу тамактануучу жайлардын бири болчу. Көп кардарлар келчү. Күнүмдүк кирешеси эки миллион рубль өлчөмүндөгү каражатты түзчү. Анда мен жартылай фабрикаттарды даярдачумун. Мага тизме кылып бир топ иштерди дайындашчу. Иштеген жерибизде көбү кыргыздар болчу. Ар кимдин өзүнүн иштери бар. Бири-бирибизге жардам берүүгө үлгүрчү эмеспиз. Кичинекей бөлмөдө роллы түрүндөгү тамакка кетчү күрүчтөрдү бышырып, ага кошулуучу бардык азыктарды даярдап, залга алып чыгып берчүмүн. Жумуштун көптүгүнөн бир күн бир сааттай эле өтүп кетчү», - дейт жаш ашпозчу.

Ал ашкананы толук билүү үчүн бир жарым жыл тынбай эмгектенгенин баса белгиледи.

«Аталган ресторандан чыгып, орустардын, италиялыктардын тамактарын, Орто Азия, Европа, Американын ашканаларына таандык тамактарды жасоону үйрөндүм. Ал кезде менде акча табуу эмес, үйрөнүү гана максат болгон», - дейт ал.

К.Акжолов ашпозчу болуп иштегенине 4 жыл болгондугун белгиледи.

«Салаттардын жыйырмадай түрүн, ошондой эле Европанын ашканасына таандык ысык тамактарды жана Орто Азиянын ашканасындагы тамак-аштардын түрлөрүн жасоону бир кыйла жакшы өздөштүрдүм. Тануки, сборро, папа джонс, тарас бульба, япоша, то да се жана изи паб деген тамак-аштын түрлөрүн жасай алам. Канчалык тамактын түрүн жасоону билген сайын ошончолук өзүңдүн каалаган айлык акыңды талап кылып баштайсың. Мындай универсалдуу ашпозчуларга иш көп. Интернетке өзүң тууралуу жарыялап койсоң өздөрү чакырышат. Мага учурда күнүнө 1800 рублдан төлөп берет. Жумуш оор деле эмес. Болгону тез ыкчам жана маани берип иштесең кыйынчылык болбойт», - дейт Канат.

Ал бир тууган иниси экөө каражат жетиштүү топтолгондон кийин Кыргызстанга келип, ашкана ачсак деп максат коюп келишет.

«Келечекте өзүбүздүн ашканабызды ачып, ишкер болсом деген максатым бар. Атам айыл чарба менен алектенет, апам үй кожейкеси. Эжем жана иним Москвада ашпозчу болуп иштешет. Алар да универсалдуу ашпозчу. Эң кичүү карындашым атамдардын жанында, мектепте окуйт», - дейт чебер ашпозчу.

Канатбек Акжолов Кара-суу районунун Сары-Колот айылында 1994-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7063
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
kani_kg
18:43, 27 января 2017
Канаааат,ты просто молодец. Я ГОРЖУСЬ тобой...!
Нет аватара
gama123
12:04, 27 января 2017
Мындай мээнеткеч мекендештер абдан көп... КАнат азамат экен
Нет аватара
дичка
16:19, 25 января 2017
ой азамат ишине ийгилик каалайм
Эң кызыктуу
×