Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкектеги бардык мектептерге карантин жарыяланып, 1 жумага жабылды

Turmush -  Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоодон улам 5-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарындагы мектептерге карантин жарыяланды. Мындай чечим бүгүн, 2-декабрда шаардык мэриянын астындагы социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча координациялык комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Учурда ооругандардын саны кескин көбөйүп, 93 мектептин ичинен 35 мектепте сабакка келбей калган балдардын саны 20%дан жогорулап кеткен.

Шаардагы бала бакчаларга мониторинг жүргүзүү иштери улантылып жатат. Бүгүн эртең менен Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы бардык бала бакчалар иштеп жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу