При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ош шаарына жаңы 30 автобус алынып келди (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 30 автобус алынып келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы автобустар шаардагы муниципалдык унааларды жакшыртууга багытталган долбоор аркылуу алынды. Долбоорду Европа реконструкция жана өнүгүү банкы каржылоодо. Аны ишке ашыруу үчүн шаардын муниципалдык транспорт ишканасы «Ликинск автобус заводу» уюму менен «ЛИАЗ-529360» үлгүсүндөгү 30 автобусту жеткирип берүү боюнча келишим түзгөн. Келишимдеги сумма 2,699 млн еврого жетет.

Автобустарда үчтөн видеокамера бар жана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Декабрь айынын аягында жаңы автобустарды пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9304
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу