Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

А.Эркебаев: Эки жылдан бери Илимдер академиясы кыйын кырдаалды башынан өткөрдү

Turmush -  Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясында илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү, деп билдирди академиянын басма сөз кызматы.

Иш-чарага өлкөнүн окумуштуулары, УИАнын ардактуу академиктери, илимий-педагогика тармагынын жана академиянын кызматкерлери катышты.

Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев куттуктоо сөзүндө, эки жылдан бери Кыргызстан, анын ичинде Илимдер академиясы кыйын кырдаалды башынан өткөргөнүн белгиледи.

«Мекемени жоёбуз деген кептер да болду. Ал ортодо илим жаатында реформа болот деген чечимдер чыкты. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай бүгүнкү күндө академия өз киндигин өзү кесип келет. Ал эми мамлекети, экономикасы, технологиясы өнүгүп жаткан мамлекеттер илимине жакшы көңүл буруп жатканы белгилүү. Бир катар өлкөлөр мына ушул илимди өнүктүрүү жолу менен баратат. Андыктан, биз да ич ара реформа жасап, илимди ошондой деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек», - деди ал.

Жыйында илимге эмгеги сиңген УИАнын кызматкерлерине, анын ичинде Суу маселелери жана гидроэнергетика институтуна караштуу Суу жана суу-энергетика ресурстары лабораториясынын жетекчиси Лариса Бажановага, айыл чарба илимдеринин кандидаты, Биотехнология институтунун окумуштуу-катчысы Аида Бердибаевага жана №2 Борбордук илимий китепкананын филиалынын жетекчиси Калыйбүбү Нукеевага «УИАга эмгеги сиңген кызматкер» наамы ыйгарылды.

Жыйын алкагында илим жана илимий-инновациялык жетишкендиктерди коомчулукка таанытуу максатында УИА илимпоздорунун эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, илимий иштелмелердин булактары көргөзмөгө коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1536
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×