Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

2016-жылга 80 мектептин курулушу пландаштырылган болсо, анын 31и бүткөрүлдү, - Мамкурулуш

Turmush -  Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда 2016-жылга пландаштырылган мектептердин курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетов малымдагандай, 2016-жылга жаңы 80 орто билим берүү мекемесинин курулушу пландаштырылган. «Бүгүнкү күндө 31 мектеп курулуп бүтүп, калган объектилердин курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бардык мектептердин курулушуна 400млн сом которулушу күтүлүүдө», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында С.Жээнбеков Финансы министрлигине бардык иштерди жыйынтыктоо үчүн зарыл болгон каражатты которууну тездетүү тапшырмасын берди.

Анын менен бирге Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кабыл алууга даяр болгон билим берүү объектилериндеги иштин сапаттуу аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2189
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×