Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Депутат кургак учук менен ооругандардын саны арбып баратканына кабатырланды

Turmush -  Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Калмаматов коомчулукта кургак учук менен ооругандардын саны арбып баратканына кабатырланды.

Анын айтымында, түрмөлөрдөн жазасын өтөп чыккандардын көпчүлүгү кургак учук менен оорушат.

«Алар эркиндикке чыкканда коомчулук менен аралашып, кургак учук байма-бай жайылууда. Андыктан, бул жагдайга көңүл буруп, чара көрүү керек»,- деди депутат.

Саламаттык темасын улаган депутат Улукбек Ормонов эл арасында ошондой эле бөйрөк, боор оорулары менен ооругандар көбөйүп баратканын эскертти. Депутаттын пикиринде, республикалык бюджеттен жарандардын саламаттыгын сактоого деп каралган 70 миллион сомдун ордуна, жылына 10 миллион сом гана каралып жатат. Анын кесепетинен, тиешелүү жабдуулар, дары-дармектер алынбай, бир топ адамдар өмүрү менен кош айтышып кетүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1139
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу