При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 30-апрель

С.Раевдин «Суфлеру» Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Лондондогу эл аралык театр фестивалына катышат (фото, маек)

Turmush -  Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери белгилүү жазуучу, драматург Султан Раевдин «Суфлер» спектакли менен Лондондогу эл аралык театр фестивалына катышат.

Атамекендик театрдын тарыхында биринчи жолу кыргыз спектакли ушундай жогорку даражадагы театр фестивалына сапар тартканы турат. Британиялык адистерге «Суфлер» пьесасы өткөн жылы коюлуп, чоң резонансты жараткан.

Чыгарманын автору жана режиссер-коюучусу Султан Раев. Башкы ролдо КРнын эл артисткасы Назира Мамбетова, ошондой эле, театрдын жаш артисттери аткарат.

Бул спектакль актрисанын, дегеле чыгармачыл адамдын тагдыры жөнүндө. Башкы ролду баштан аяк Назира Мамбетова ойнойт. Бир образдан экинчисине өтүү, бир тоналдуулуктан экинчисине которулууну актриса чеберчилик менен аткарган. Роль табияты боюнча абдан татаал, анда башкы каармандын өзү менен өзүнүн конфликттери орун алат, дейт автор.

Кыргызстандын атынан Лондондо коюлуучу «Суфлер» спектакли ушул жылдын 8-октябрында кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды. Пьесанын автору С.Раев, анын чыгармасынын ийгилиги катары - Лондондогу фестивалга катышып жатканын белгиледи.

«Мисалы, Олимпиада оюндарына катышуунун өзү эле - эң чоң ийгилик да! Анын сыңарындай, бизде биринчи жолу ушундай чоң фестивалга кетип баратканыбыз чоң жетишкендик», - деди ал.

«Суфлер» мындай чоң масштабдагы эл аралык фестивалга кантип тандалып калды, жана спектаклдин башкы идеясы эмнеде, автордун, актрисанын жана көрүүчүнүн «Баракелдеге» берген маегинде.

«Суфлер» беделдүү делген дүйнөлүк фестивалга кантип тандалып калды?

Султан Раев:

- Лондондогу фестивалга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келишет экен. Эл аралык спектаклдер бар, ошолордун катарында биз да кетип баратабыз. Кыргызстан «Кыргызстан» болуп жаралгандан бери тарыхта биринчи жолу Лондондогу театр фестивалына катышып жатат. Эми билесиңер, булар (лондондуктар) аябай театрлашкан эл да. Лондон, дегеле Англия театр өлкөсү деп койсо болот. Өздөрүнүн эстетикалык духтары да аябагандай күчтүү.

Лондон эл аралык театр фестивалы бүгүн (8-октярбда) башталды, ар кайсы мамлекеттерден келген спектаклдер көрсөтүлүп жатат. Биз 16-октябрда барып, 21-октябрда кайтабыз.

Назира Мамбетова:

- Өткөн жылы Кыргызстанда «ART-ORDO» деген эл аралык театр конкурсу болбодубу, биз ошондо конкурстан тыш катышканбыз. Кокустан Россиядан бир сынчы, Татарстандан жана Казакстандан бирден сынчы үчөө келип көрөт. Эртеси талкууда «эмне үчүн арзыбай турган спектаклдерди конкурска коюп койгонсуңар, ал эми арзый тургандар конкурстан тышкары катышты» деген сөздөр болуптур. Алгач биз да конкурска деп киргенбиз, анан эле конкурстан тышкары деп бизди алып салып, башка спектаклди коюшуптур. Ошол жерден аябай талкуу болуп, бирөөлөр аркылуу ушундай жакшы спектакль экени угулат, алгач Москвадан угушупур. Келип эле спектаклди көрсөткүлөчү дешти. Ошентип былтыр 2015-жылы ноябрдын 21инде көрсөттүк. Көрүп, «бул укмуштуудай» дешип, эч нерсени өзгөртпөгүлө, костюм, грим баары ошондой болсун дешти. Эки жума жоопту күткүлө деп кетишти, биз 20 күндөй жооп күттүк. Анан бизди фестивалга катышууга киргизилдиңер деп айтышты. Ошондон кийин 9 ай күтүп, 9 айда толук бышып, эми Кудай буюрса, Кудай жол берсе 16-октябрда барганы жатабыз.

Пьеса Назира Мамбетовага арналып жазылгандай...

_DSC1271

С.Раев:

- Пьесаны жазганыма 2 жылдай болуп калды. Аны эжеге (Назира Мамбетовага, - ред.) арнап жазганмын. Эжеден башка эч ким аткара элек жана аткара албайт дагы. Бул жерде эженин тагдыры бар, бир аз Бакен эженики (Бакен Кыдыкеева, - ред.) бар.

«Суфлердо» суфлер (пьесанын тексти боюнча репетициялардын, спектаклдин жүрүшүнө көз салып, зарыл болсо актерлорго ролунун текстин шыбырап айтып турган театр кызматчысы, - ред.) жаш кыз да, анын жаштыгынын үнү, адамдын ички коллизиясы, драмасы. Бул жерде сүйүү темасы бар, көшөгө артындагы турмуш... Ал эми жигиттер (каармандар, - ред) актрисанын ички дүйнөсүнүн алгоритми деп койсо болот.

Спектаклдын эң башкы идеясы - бүгүнкү коомдогу искусство адамынын орду. Искусство адамы менен коомдун ортосундагы көйгөйлөр жөнүндө, ошол эле учурда актёрлордун, артисттердин жеке турмушу жөнүндө. Актёр, артисттерди сахнадан көрөбүз, бирок алардын жеке жашоосуна эч ким кызыкпайт да. Артисттер элдин алдына чыкканда өзүн бийик көрсөткөн, эч качан ыйлабаган, кайгырбаган адамдардай сезилет.

Спектаклдеги жиптер - тушалып калгандай сезимдер, байланып калгандай болуп чыга албай жаткан образ. Бир маалда аны да жарып чыгат. Адамдын сезими эч нерсеге баш ийбейт. Сезим түбөлүктүү. Жалпылап айтканда, коом жана чыгармачыл адамдын ортосундагы, коом жана инсандын ортосундагы мамиле.

Н.Мамбетова:

- Пьесадагы башкы каарман 3 образды жаратат: суфлер, актриса жана Мария Стюарт. Бул жерде башкы каарман актриса, суфлер болсо анын ички үнү. Жанындагы башка каармандар (жигиттер) бирде анын жигиттери, бирде көрүүчүлөр, бирде өнөктөштөр, бирде ою.

С.Раев:

- Бир образдан экинчисине, бир абалдан экинчи абалга жуурулушуп өтүү керек. Бул аябай оор, көрүүчүнү ишендириш керек да. Анан монотондуу бирөө ойноп койсо, көрүүчү зээригип кетет. Бир эле адам суфлер да, актриса да, Мария Стюарт да болуп атат. Мына ушул үч образга тең кирип, Назира эже мыкты ойноп берди.

Лондондун театрында кыргыз тили жаңырат!

С.Раев:

- Буюрса, конкурска даярбыз, биз ал жакка барып репетиция кылбайбыз, түз эле театрга барабыз. Биздин чыгарма 250-300 орундук байыркы театрлардын биринде коюлат. Ал жерде Шекспир өзүнүн спектаклдерин койгон экен.

Лондондо спектакль кыргыз тилинде болот. Пьеса англис тилине которулганы бар, даяр. Ал эми көрүүчүлөргө кулак таккычтан которуп берип турушат.

Жыйынтыгында «Мыкты спектакль», «Аялдын мыкты ролу», «Эркектин мыкты ролу» деген аталмалар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Барып, келиш жана башка чыгымдар бүт баары өзүбүздөн. Биздин бул аракеттерди демөөрчүлөр колдоп беришти.

Ырчы Саламат Садыкова көрүүчү катары өз ою менен бөлүштү:

_DSC1246

- Бүгүн мен бул спектаклди көрүп аябай жүрөгүм ооруп чыктым, себеби каармандын ар бир басканы, турганы, ар бир сөзүндө калетсиз чыңырган чындык жатпайбы. Ошол менин да тагдырым, ошол сиздин да тагдырыңыз, эгер чыныгы чыгармачыл адам болсоңуз. Бул бир эле Бакен Кыдыкеевага, бир эле Назира Мамбетовага тиешелүү тема эмес, бул түбөлүктүү тема. Бул бүтүндөй чыгармачыл адамдарга тиешелүү.

Мына бүгүн башкы каарман ачык кызыл көйнөк кийип чыкпадыбы, биз баарыбыз ошондой ойлойбуз да, артисттин баары кызгалдактай эле жүрүшөт деп. А бирок биз күн сайын адамдардын элегинен өтүп турабыз. Мына ошол чындыкты С.Раев жазыптыр. Мен С.Раевди бүгүн кайрадан, жаңыдан ачтым. Чындыкты кеч болуп кала электе бүгүн жазып коюптур. Мен авторго аябай ыраазы болуп турам. Бул киши көп жылдар креслодо, жогорку кызматта деле отурду, кабинетте деле отурду, ошондо өзүн өзү бул чөлкөмдө жоготуп койсо деле болот эле да, образга кирип, «кресло» оорусу менен ооруп... Бирок анткен жок, ал ушундай күчтүү чыгарма жазат деп күткөн эмесмин. Ал, биздин - чыгармачыл адамдардын - тагдырына көптөн бери даанышман адам катары көз салып жүргөнү байкалып турат. Көшөгөнүн артындагы турмушубуздун баарын бул киши көкүрөгүнө жыйнап жүргөн экен деп ойлодум. Назира Мамбетова бактылуу актриса экен, өзүнүн басып өткөн жолун өзү ойноп койду, көрүүчүлөр менен сырдашып койду.

Лондондогу фестивалдан келгенден кийин «Суфлер» менен Кыргызстандын бүт аймагын кыдыруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2388
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×