Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Адамдын көз жашында алтын бар экени аныкталды

Turmush -  Россиянын илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн химиялык биология жана фундаменталдык медицина институтунун окумуштуулары көздөн чыккан жаштын курамын биринчи жолу изилдеп чыгышты.

50 ыктыярчыны ыйлоого мажбурлоо үчүн изилдөөчүлөр кадимки көз тамчылатмасынын курамына кирген коопсуз порошок - альбуцидди колдонушкан.

Сибирлик окумуштуулар көздүн жашы аркылуу офтальмологиялык оорулардын баштапкы белгисин билсе болобу деген максатта изилдөө жүргүзүшкөн. Анализдин жүрүшүндө башка дагы кызыктуу жана пайдалуу ачылыштарды аныкташты.

Анда, жашты электрондук микроскоп менен кароодо, бул бөлүп чыгаруулар липиддик катмардан, суудан жана илээшме тунук заттан турары аныкталды. Ошондой эле, аларда айнекчелден кошулуп кеткен клеткалар бар.

Андан тышкары, дени соо да, жана сыркоо да адамдардын көз жашында алтындын нано (көзгө көрүнбөгөн өтө эле майда) бөлүктөрү бар экени аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4032
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу