Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Г.Чыныбаева мөмө-жемиштердин түрүн кургатып, аны эки эсе кымбат сатууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева мөмө-жемиштерди кургатып, алардан как даярдап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 5 жыл мурун долбоор аркылуу как кургатуу боюнча атайын окуудан өткөн.

«Мөмө-жемиштерди кургатуу боюнча атайын окуудан өткөм. Учурда бакчамдагы алма, өрүк, карагаттан как кургатам. Андан кийин тоодо өскөн ит мурун, бөрү карагатты дагы кургатып, как кылабыз. Мындан тышкары, айылдаштарымдан дагы мөмө-жемиштерди сатып алып, алардан как жасайбыз», - дейт ал.

Анын айтымында, кургатылган кактын бир килограммы 150 сомго бааланат.

«Күз айында алма, өрүк баа болбой калат. Аларды жерде калтырбай, терип тазалап, как даярдасак жакшы өтөт. Кирешеси дагы жакшы болот. Биз элетте 15 адам жамаат болуп, долбоор аркылуу как кургатуучу аппарат алганбыз. Бул аппарат менен кургатылган кактар таза болот. Бир салган какты аппаратта 30 мүнөт кармайбыз. Аны эртеси кайра дагы жарым саат кактайбыз. Ошентип бир саатта как даяр болот. 1 мүшөк алмадан даярдалган как 3 миң сомго чейин бааланат. Ал эми бир килограммы 150 сомдон», - дейт ал.

Г.Чыныбаева быйыл карагат фестивалына жана Көчмөндөр оюнуна карата көп өлчөмдө как даярдап жатканын айтат.

«Фестивалга келген меймандар биздин жемиштерден ооз тийип, ала кетишсе болот. Какты алыс жолго алып кетсе эч нерсе болбойт. Жыл сайын 700-750 килограмм как даярдачумун. Быйыл фестивалдарга катышуу үчүн мындан дагы көп жасоону пландап жатам. Азырынча даярдалган кактарды бала бакча, мектеп, оорукана жана мейманканаларга сатам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 977
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×