Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баракелде 10.07.2018 12:33

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышындагы билеттер 4 900 сомго жетет

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи менен жабылышындагы билеттер сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу «Медиа жана PR» жумушчу тобунун жыйынында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

Билеттер сатылуучу даректер:

- Бишкек шаарынын Чүй көчөсү №96, Киев көчөсү №114;

- Ош шаарынын Ленин көчөсү №320;

- Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү №122.

Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот.

«Билеттер ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка адамга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелерди сактабоо чыгымын ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет», - деп белгиледи А.Абдесова.

Ал эми ачылыш аземдин салтанатына киргизүүчү билеттер 400 сомдон 4 900 сомго чейин болсо, жабылыш аземдеги билеттер 350 сомдон 3800 сомго чейин жетет.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20:00дө башталат. Ал эми жабылыш азем 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20:00дө башталат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башка иш-чараларына кирүү акысыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×