Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баракелде, Бишкек 09.07.2018 17:32

Шашылыш билдирүү: 10-июлдан 16-июлга чейинки аба ырайынын болжолу

Turmush -  9-10-июль күндөрү аба ырайы кургак жана ченемден тышкары ысык болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

10-14-июлда Кыргызстанда

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйкачылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

12-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

13-14-июлдарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйкачылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-16-июль күндөрү

15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйкачылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

10-12-июль күндөрү Бишкек шаарында

10-11-июль кундөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында

10-12-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×