Айыл турмушу: Таластык К.Дүйшөбаев атасынын өнөрүн улап, 6 миң сомдук ээрлерди чабууда (фото)
Turmush - Талас районунун Арал айылынын 47 жаштагы тургуну Колпочбек Дүйшөбаев 6 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, атасы уста киши болгон. Чапкан ээрлери 6 миң сомго бааланат.
«Атам Акберди чоң уста киши болгон. Ал чапкан ээрлерди алыс жактан да келип алып кетишчү эле. Мага көп ишти атам үйрөткөн. 6 жылдан бери жыгач менен иштеп жатам. Ээрди бака теректен, токой талдан жана арчадан жасайм. Алгач ээрди чаап баштаганда үстүн сомдоп алам. Капталдарын өзүнчө сомдойм. Аларды бүткөндөн кийин кашын отургузам. Булар даяр болгондо уйдун териси менен каптап баштайм. Үйдүн терисин биринчи муздак сууга 15 күндөй салып, жүнүн жыдытып коём. Жыдыган соң боёкко салып, андан соң каптап, оюм-чийим түшүрүп коём. Көбүнчө айыл тургундары буйрутма беришет. Жайкы мезгилде жумуш көп болгондуктан кышкы убакта бул иш менен көп отурам», - деди ал.
Уста жубайы Айкан айым экөө 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.