Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.10.2014 18:15

Ысык-Көлдөгү Түп-Кеген унаа жолунун 34 чакырымы жасалып бүтсө, дагы 39у жасалууга тийиш

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Түп-Кеген эл аралык маанидеги унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы бүгүн, 14-октябрда Кыргызстан жана Казакстанды бириктирген унаа жолунун курулушу менен жеринде барып таанышты.

«Терра-групп» ЖЧКсынын жетекчиси Жаныбек Осмонов билдиргендей, бүгүнкү күндө Түп-Кеген унаа жолунун курулушу кайрадан жанданып, Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан 3 чакырым аралыкта жасоо үчүн 35 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бул жолдун курулушу 2008-жылы башталып, каражаттын жетишсиздигинен улам жыл сайын 3-5 чакырымдан жасалууда. Учурда жолдун 34 чакырымы бүткөрүлгөн.

«Буга чейинки 34 чакырым аралыкка 2 катар асфальт төшөлсө, быйыл 3 чакырым жерине 1 гана кат салынды. Бул жумуштарды 23-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда. Дагы 39 чакырымы жасалууга тийиш жана бардыгы акча каражатынан көз каранды, көбүрөөк каражат бөлүнсө, биз дагы батыраак бүтүрөбүз», - дейт Ж. Осмонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×