Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 14.09.2019 15:58 На русском

«Мекендештер»: 6 тилде сүйлөгөн Байстандын Иорданиядагы жашоосу

Turmush -  Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 1999-жылы жарык дүйнөгө келген Байстан Нийматило уулу учурда Иордания өлкөсүндө билим алып жатат. Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинде жеке ишкер болууну кыялданчу.

«Кызыл-Кыя шаарында төрөлүп, бала кезим ушул айылда өттү. Бул жерде 9-класска чейин билим алдым. Андан кийин Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Арчалы медресесинде дин таануу, куран жаттоо боюнча 2 жыл окудум. Окууну аяктагандан соң Нарын шаарына барып, араб тилин үйрөнүп, лидерлик жөндөмүмдү өнүктүрүү курстарына катыштым. 2017-жылдан бери Иордания өлкөсүнүн борбору болгон Амман шаарындагы университетте араб тили жана ислам юриспруденция бөлүмүндө билимимди жогорулатып жаткан кезим.

Аталган шаарга жаңы келгенде мени бардыгы таң кала карашып, «кайдан келдиң?» деп сурай беришчү. Кыргызстандан десем, эч ким билчү эмес. Аларга "Кытай менен Казакстан өлкөлөрүнүн жанында жайгашат" десем, "казаксыңбы, кытайсыңбы?" деп сурай беришчү. Мени бул көрүнүш абдан намыстандырды. Мындан улам бул жерге улуттук тамак-ашыбызды бренд кылуу же азем буюмдарды чыгаруучу дүкөн ачуу идеясы оюма келди. Буюрса аны ишке ашырам деп турам. Анткени кичинекей чагымда жеке ишкер болом деген кыялдарым бар эле.

Мен аталган шаарга келгенде мекениме болгон сүйүүм мурдагыдан дагы артты. Бул жерде биздегидей кооз жаратылыш жок жана сууну сатып ичишет. Бизде андай эмес, кээде сууну ысырап кылып колдонуп жиберебиз. Бул шаар мага карапайым, жөнөкөй жана меймандос эли менен абдан жакты», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү. Ал учурда өзүнүн эне тилинен сырткары тажик, өзбек, түрк, орус, англис, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Байстан бош убактысында бодибилдинг менен машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×