Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баракелде, Бишкек 23.08.2019 13:53 На русском

«Милиционерди көргөндө кач!»: Россияда иштеген дарыгер-лаборант Ибраимованын окуялары

Д.Ибраимова Нарындын башчысы А.Кайыпов менен
Д.Ибраимова Нарындын башчысы А.Кайыпов менен

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн тургуну Дамира Ибраимова.

Ал Кыргызстанда 15 жыл медицина тармагында иштеп, акыркы 3 жылдан бери Москва шаарында эмгектенип жатат.

Ибраимова Дамира Жаманаковна 1975-жылы 27-апрелде Тоголок Молдо айылында туулган. 1992-жылы орто мектепти аяктап, 1993-1995-жылдары Бишкектен медициналык орто окуу жайын бүтүргөн. 1996-2002-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 6 жыл сырттан окуу бөлүмүндө билим алып, 15 жыл поликлиникаларда иштеген. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.

«Өзүмдүн мекенимди эч качан жаман деп айтпайм. Кыргызстанда медицина тармагында лаборант-дарыгер болуп 15 жыл иштедим. Бирок айлыктын аздыгынан, каражаттын жетишсиздигинен улам Москвага келип иштеп калдым. Учурда немистердин фирмасында социалдык тейлөө кызматкери болуп эмгектенем. Тактап айтканда жалгыз бой кары-картаңдарды үйүнөн кароо, тейлөө ишин алып барам. Бул жакка келгенде медициналык билимимди жана дипломумду карап ишке алышты. Алгач кыйынчылыктар болгон. Мен буга чейин 2013-жылы келгем. Ал убакта текшерүү катуу болчу. Патент менен жүрчүбүз. Өтө эле кыйын болгон. Биринчи келгенде тазалагыч болуп иштегем. Намыстанган жокмун. Ошол кезде 2 жылдай убакыт жалгыз бой кары-картаңдарды карап иштегем. Акыркы мезгилде кыргыздарга көп жеңилдиктер берилди. Мамлекеттик иштерге болбосо дагы жеке менчик жумуштарга ишке орношуу абдан эле жеңилдеп калды. Биротоло бул жакка калып калалы деген деле тилегибиз жок. Каражатыбызды маңдай терибиз менен таап, ак кызматыбызды жасап, мекенибизге кайталы деген чоң милдетибиз, максатыбыз бар. Мекенибизди аябай сагындык», - деди Дамира айым.

Дамира Ибраимова: «Мен иштеп жаткан фирманын 4 филиалы бар. Бизге маалымат деле берилбейт. Бирок мен көргөндөн 20га чукул кыргыздар иштейт. Мага негизи 5 адам бөлүнүп берилген. Ошолорду карайм. Бардыгына тең алар айткан азык-түлүктөрүн дүкөндөрдөн ташып бермей, дарыгерлерди чакырмай же ооруканага алып бармай жана башка иштерди аткарам. Кыскасы, буту баспаган адамдарды тейлейбиз. Кудайга шүгүр, 3 жылдан бери 5 адамды тейлеп келем. Карыган адамдар жакшы мамилени күтүшөт экен. Буларга күлүп-жайнап, айтканын аткарып турсаң алар дагы ыраазы болушат. Булар мени кетиргиси келбейт. Мен карап жаткан 5 адам тең аябай жакшы кишилер», - деди.

Дамира эже мындан сырткары жумуштагы күлкүлүү жана кайгылуу окуяларын айтып берди.

«Мен жаңы келген кезде милиция кызматкерлери катуу текшерчү эле. Биринчи жолу текшергенде милиционерлер унаасына отургузуп алып текшеришкен. Колдорунда автоматтар бар экен. Милиция кызматкерлерине түшүп көрбөгөн жаным «каттообузда бир кичине кемчилик болуп калса эле кармап кетет экен же кайра Кыргызстанга кетирип салат, акчабыз жок болсо кантип кетебиз» деп ыйлаганым эсимде калыптыр. Жаңы келген кезде милициянын унаасын деле жакшы тааныбайбыз. Элдер качса мен деле кошо качып, билбестик, коркоктук кылдым. «Милиционерди көргөндө кач» десе эле кача берчүмүн.

Бир күнү бир эже экөөбүз жумуштан келе жатканда эшиктин алдындагы отургучта отуруп калдык. Тез жардам унаасы келе жаткан экен. Ал келип токтогону жатса «баягылар экен» деп экөөбүз баштыктарыбыздын айрылганына карабай көтөрүп алып качканбыз. Артыбыздан инилерибиз байкап калып, «эже, эмне качтыңар?» дейт. «Милиция кызматкерлери артыбыздан кубалап, үйдүн алдына чейин келди. Алардын унаасын жеткирбей качып келдик» десек, анда ал «милиция эмес, тез жардам. Силердин качканыңарды көрүп элдер аябай күлдү» деп жатпайбы.

Кайгылуу окуялар деле көп болду. Жаңыдан ишке кирдим. Бир карыган абышканы карачубуз. Күндүз кемпири карачу, кечкисин мен карачумун. Кемпири абышкасын көтөрө албайт. Мен кыйын болуп абышканын артына туруп, эки колдоп көтөрө калам деп белимди оорутуп алып аябай кайгырдым. Көз алдыбызда каза болгон кары-картаңдар деле болду», - дейт Дамира эже.

Ал бир жумуш менен гана чектелип калбастан 2 жумушта иштерин кошумчалады.

«Кыргызстаныбызга качан кетебиз деп санаа тартып, кошумча жумушта иштегенге дагы туура келет. Жашырганда эмне. Мен социалдык тейлөө кызматынан сырткары кеңсе тазалагыч дагы болуп иштейм. Азыр көпчүлүгү бир эле жумуш менен отурбайт. Биздин кыйынчылыктар бир жумуштан экинчи жумушка жетишип баруу. Иштейм деп келгенден кийин иштеш керек. Бир күн эс алабыз, калган күндөрү иштейбиз. Эртерээк мекенибизге кайталы дейбиз», - деди Дамира айым.

Жакшы маяна аларын жана Бишкекте үй курууну пландап жаткандыгын айтат.

«Бир айда 50 миң рублдан төмөн каражат тапсаң, ал эч нерсеге жетпейт. Ачыгын айтсам, жакшы табам. Бир бейтап адамдын үйүндө бекер жашайм. Бизде бейтап дебейт, кардар деп коёт. Ошол кары адамды багам. Бут кийим, байпак жыртылат дегендей, майда-чүйдө керектүүлөрүмө каражат жумшайм. Бала-чакага каражат салам. Үй курайын деп жатам. Буюрса каражат топтоп, аны дагы ишке ашырабыз.

Бир гана принцип — чуркап иштемей. Бирок иш деп жүрө бербей, бул жактагы ак-талаалыктар менен жолугушуп чай ичип, сүйлөшүп, бугубузду чыгарып алабыз. «Шайыр апалар» тобу келген. Быйыл облус башчысы, район акими келип, биз менен жолугушту. Алар өздөрүнүн грамоталарын тапшырышты. Биз менен баарлашты, көйгөйлөрүбүздү айттык. Бир аз болсо дагы кубанып калдык», - деди Дамира.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×