Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Баракелде, Бишкек 08.03.2019 13:02 На русском

Бишкекте аялдардын укугуна арналган жөө жүрүш өтүп жатат

Turmush -  Бишкек шаарында 8-март майрамына карата аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өтүп жатат.

Жөө жүрүшкө айымдардын укугун коргогон жана сексуалдык азчылыктын укугу үчүн күрөшкөн көптөгөн уюмдар катышып жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы, андан тышкары бирдей эмгек акы алуу, ашканада кызмат кылуудан баш тартууга укуктуу болуу, иштөөгө жана бала төрөп-төрөбөө, ошондой эле өзү каалаган учурда төрөө укуктарына ээ болуу сыяктуу ураандар айтылып жатат.

Аталган маршка болжол менен 200 киши катышууда. Алар Россия кинотеатрынын алдынан баштап Курманжан Датканын эстелигине чейин жүрүш жасашып, андан кийин Уркуя Салиеванын эстелигине жөнөштү. Тартиптин сакталышын камсыздоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган 2 взвод тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×