Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Баракелде, Дүйнө 06.03.2019 19:59 На русском

21 жаштагы модель кыз тарыхтагы эң жаш миллиардер болду

Turmush -  Forbes журналы 21 жаштагы америкалык модель Кайли Женнерди тарыхтагы эң жаш миллиардер деп тапты. Ал мураска дүнүйө албай, болгон байлыгын өзү тапкан.

Forbes басылмасы анын байлыгын 1 млрд доллар деп баалады.

2018-жылдын ноябрь айында Кайли Женнер провинциалдык соода түйүнүнө барган учур ал үчүн маанилүү күн болуп калды. Акыркы 3 жылда анын Kylie Cosmetics бренддик продукциясы интернет же убактылуу дүкөндөрдө гана сатылып келген. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин Кайли Женнердин өзгөчө косметикасынын дистрибьютору Ulta дүкөнү болгон. Kylie Cosmetics ооз боёк топтому (суюк жалтырабаган ооз боёк менен көз боёгуч) 29 долларга бааланып, миңден ашык соода түйүндөрдө пайда болгон. Женнер өзү кардарлар менен саламдашып, күйөрмандарына автограф берип жана алар менен сүрөткө түшүү үчүн Техас штатындагы Хьюстон шаарындагы Ричмонд-Авеню дүкөнүнө барган.

Ноябрь айында Forbes журналы номурдун тышына Женнерди жайгаштырган. Журнал анын байлыгын 900 миллион долларга баалаган. Анда Женнер 30 жашка толо элек көп акчалуу жылдыздардын рейтингинин башында турган. 2018-жылы тизмеде 10-орунда турган болсо, Forbes журналы анын байлыгын 41 миллион долларга баалаган.

Женнер — «Кардашьяндын үй бүлөсү» көрсөтүүсүнүн катышуучусу, америкалык актриса Ким Кардашьяндын сиңдиси. Ал Kylie Cosmetics косметикасын чыгаруу менен байып, cоциалдык тармакта белгилүү болгону үчүн анын бул бренди алдыга жылган. Анын Инстаграм баракчасына 128 миллиондой адам катталган.

Кирешеси менен Женнер Facebook социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин рекордунан ашты. Марк Цукерберг 23 жашында дүйнөдөгү эң жаш миллиардер болгон эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×