Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 15:50 На русском

КТРКга жаңы жетекчи шайланды

Жайнак Үсөн уулу
Жайнак Үсөн уулу

Turmush -  Бүгүн, 6-март күнү Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши башкы директорду шайлады. КТРКнын башчысын тандап алуу сынагынын 4-этабынын башында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн тандап, анын төрайымы болуп Жылдыз Бакашева дайындалды.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеевдин айтымында, тандалып алынган жаңы жетекчи 19-мартта өз милдеттерин аткарууга киришет. Ал күнү учурдагы КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.

КТРКнын жетекчисине талапкер болуп алгач 22 адам катталса, анын ичинен 4-этапка чыккандар:

- Байтерек Галина Жумабековна;

- Босумбаев Сураган Раимбекович;

- Казакбай уулу Замирбек;

- Нуракун уулу Ибраим;

- Тиллебаев Болотбек Кочкорович;

- Турдукулов Адил Ильясович;

- Үсөн уулу Жайнак.

- Мирлан Самыйкожо талапкерликтен бүгүн баш тартты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

- Үсөн уулу Жайнак – 13 добуш;

- Тиллебаев Болотбек – 1 добуш;

- Галина Байтерек – 1 добуш.

Башка талапкерлер добуш алган жок. Байкоочу кеңеште 15 адам бар.

Жайнак Үсөн уулу учурда НТС телеканалынын директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×