Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Баракелде, Дүйнө 06.03.2019 11:56 На русском

34 жыл бою эс алууга чыкпаган дарыгерге 8 000 доллардан ашык акча төлөндү

Turmush -  Өзбекстанда Х.Каюмов аттуу дарыгерге 34 жылдан бери эмгек өргүү албагандыгына байланыштуу 68,9 млн сум (8000 доллардан ашык акча) төлөндү, деп айтылат Өзбекстандын профсоюздар федерациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Х.Каюмов 1978-жылдан бери Өзбекстандын Жызак облусунда паталог-анатом дарыгери болуп эмгектенип келген жана 2018-жылы жумуш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулган. Бирок эмгек келишими токтотулган учурда ага ар бир жылдагы негизги жана кошумча өргүүлөрдү пайдаланбаганы үчүн акчалай компенсация төлөнгөн эмес. Х.Каюмов жумуш берүүчүдөн акчалай компенсацияны алуу үчүн профсоюздарга жардам сурап, арыз менен кайрылган. Анын укуктарын коргоо үчүн Жызак облустук профсоюз уюмдарынын бирикмеси тарабынан жарандык иштер боюнча райондор аралык сотко доо арыз тапшырылган. Соттогу териштирүүнүн жыйынтыгында 34 жылда колдонулбаган бардык өргүүлөр үчүн жумуш берүүчү кызматкерге 68 миллион 941 миң 44 сум (8,2 миң доллар) акча төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Өзбекстандын Эмгек кодексинин 151-беренесине ылайык, эмгек келишими токтотулган учурда колдонулбаган негизги жана кошумча өргүүлөр үчүн кызматкерге компенсация төлөнүп берилерин Өзбекстандын профсоюздар федерациясынан белгилешти.

«Бирок кээ бир жумуш берүүчүлөр эмгек келишими токтотулганда соңку 3 жылда пайдаланылбаган өргүүлөр үчүн гана компенсация төлөп берген учурлар кездешет. Бул эмгек мыйзамына каршы келет», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×