Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 12:03

Роза, Сооронбай, Алинур… 4 эмге кандай ысым тандашат?

Turmush -  Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу оор. Бирок динамикасы төмөндөгөн жок, бир калыпта.

Ымыркайлар аппараттан чыгарылып, учурда кислород менен дем алып жатышканын №4 төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Марипова бүгүн, 6-мартта Turmush басылмасына билдирди. Ал эми 4 эмди төрөгөн 27 жаштагы Нурайым Рысмат кызы жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, балдарынын жанына которулган. Анын абалы жакшы.

«Азыр 4 эм жандандыруу бөлүмүндө. Керектүү дары-дармек, ара төрөлгөн балдарга арналган атайын тамак-аш демөөрчүлөр жана өкмөт тарабынан берилип жатат. Балдардын абалы туруктуу оор, бирок динамикасы төмөндөгөн жок. Апасынын абалы жакшы», - деди дарыгер.

4 эм 25-февралда саат 04:40та операция жолу менен төрөлгөн. Ымыркайлар 4 жылдан бери бала күтүп жүргөн Нурайым менен Азамат Смановдун биринчи наристелери.

Нурайым учурда өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Ал эми 4 эмге ысым ыйгарыла элек. Азырынча чоң атасы менен чоң апасы жана өздөрү ысымдарды тандап жатышат.

«Балдар вакуумда жатышат, бирок өз алдынча дем алып калышты. Азырынча ысым тандай элекпиз. Роза, Сооронбай, Алинур, Умар, Бермет, Акчолпон, Нурчолпон деген ысымдар жагып жатат. Бермет деген ысымды апам (кайын энеси) абысынынын урматына тандаптыр», - деди Нурайым.

Ал эми ымыркайларга дары-дармек, тамак-аш жетиштүү экенин билдирди.

---------------------------------------------------------------------------

Төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, алгачкы күндөрү ымыркайлардын абалы туруктуу оор болуп, СРАР аппараты менен распиратордук жардам алып жатышкан. Аларды дарыгерлер күн-түн көзөмөлгө алууда.

Ымыркайлар 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлдү.

4 эмдин ата-энеси Талас облусунун Талас районундагы Көк-Токой айылынын тургундары. Убактылуу Бишкек шаарында ижарага алган батирде жашашат.

Turmush басылмасынын Таластагы кабарчысы ымыркайлардын ата-энеси менен да байланышкан.

26-февралдагы видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×