Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Нарын облусуКочкор району 15.03.2019 14:16

Айыл турмушу: 69 жаштагы С.Жолдошова жүндүн ден соолукка тийгизген оң таасирин айтып берди

Turmush -  Кочкор районунун Исакеев айылынын 69 жаштагы тургуну Сонун Жолдошова пенсияга чыккандан тартып кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сонун Жолдошова айылдагы мектепте математика сабагынан мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан. Пенсияга чыгар жылдары кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп, ишин баштаган.

«Өз кесибим математика мугалими, Исакеев айылындагы С.Исмаилов атындагы орто мектепте 33 жыл эмгектендим. Айылыбызга математик мугалим келип, саат жоктугуна байланыштуу кол эмгек сабагын окутмай болду. Ал мугалим менен предмет алмаштым. Себеби мен 2 жылдан кийин пенсияга кетсем, окуучулар орто жерде калбасын, пенсияга чыккандан кийин да алаксый турган иш керек деп ойлодум. Ошентип 2003-жылы окуучуларга кол эмгек сабагын окутуп баштадым. Райондун борборунда кол өнөрчү айымдардын эмгектерин туристтерге саткан кол өнөрчүлөр бирикмесине барып, сабакка керектүү, көргөзмө куралга ылайыктуу буюмдарды алып, алар менен байланыш пайда болду. Кийин айылдан жамаат уюштуруп, кол өнөрчүлөр бирикмеси менен иш баштадык. Буйрутмаларды жамааттагы аялдар биригип жасап беребиз. Ар кандай фестивалдар болсо жамааттагы аялдар кезек менен барып катышып турабыз», - деди ал.

Уз каарманыбыз кыргыз аялзатына тиешелүү бардык иштерди жасайт. Сонун Жолдошованын үйүндө өз колу менен саймалап жасаган туштук, курак жер төшөк, тери көлдөлөң жана шырдактары бар.

«Кыргызстанда шырдак жасоонун эки түрү бар. Түндүк тарапта шырдакты шырышса, түштүк тарапта шырдакты шырыбайт. Мен Токтогулдан болгондуктан үйүмдөгү шырдактар шырылган эмес. Бала кезимден жасаган туштуктар азыркы күнгө чейин сакталуу. Апам, таянем уз-чебер кишилер болчу.

Мен ушундай ийне иштерин бир көрүп эле үйрөнүп алам. Мектепте окуй элек кезимде жеңем бир шиш менен түймө түйүп жатканын карап отуруп үйрөнүп алдым. Окуучу, студент кезде да колумдан ийне түшкөн жок. Азыр бардыгыбыз эле үйгө килем салып калдык. Килемдин ден соолукка пайдасы жок. Чыбаш жүн ден соолукка пайдалуу. Мен өз практикамдан эле айтайын, жайкысын кийиз жасап жатканда жуулбаган жүндүн үстүнө отуруп бакыйтасың. Жүн ысык тартат. Мына ошентип кийиз жасап жүрүп, өнөкөт оорудан айыккам. Эмне үчүн илгерки апаларыбыз көп ооруган эмес, анткени алар кийиз жасап, жүндүн үстүнө отуруп жүрүп ооруган эмес. Ит же мышык колу-бутун сындырып алса, жүн издеп, жүндүн арасына кирип алышат. Жүндүн пайдалуулугун адам эле эмес жаныбарлар да билет», - деди ал.

Район боюнча өрмөк согууну Сонун Жолдошова өздөштүргөн. Учурда жашы жетимишке таяп калса да буйрутма алып кошумча киреше табууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.89% (722)
«РСК Банк»
28.21% (385)
«Капитал Банк»
6.74% (92)
...
Всего голосов: 1365
×