Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 11.02.2019 16:43 На русском

Айыл турмушу: А.Жумаев Бишкектеги үйүн сатып, Таластагы мамлекеттик жылкы заводду иштетүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Конезавод айылынын 40 жаштагы тургуну Азамат Жумаев мамлекеттик жылкы заводду иштетип, кыргыз жылкыларды багып, күлүк аттарды таптап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас шаарында төрөлгөн. Конезаводдогу жылкы заводду иштетүү үчүн жергиликтүү эл аны 2013-жылы атайын чакырткан. Анткени ал учурда чарбанын иши жакшы жүрүшпөй, аксап жаткан. 1500 баш жылкы багылган заводду өткөрүп алганда тукум алуу үчүн тандап, 30 баш жылкы алып калган. Андан кийин жылкы чарбанын имаратын оңдотуу үчүн Бишкектеги батирин да саткан.

«Менин саяпкерлигим бар. Ат таптап, кичине кезимден айылыбыздан атынан чаап жүрөм. 2013-жылы айылдык кеңеш шайланганда мени борбордон чакыртышкан. Ошол себептен бул жакка келип калгам. Бишкекте, Казакстанда жана башка мамлекеттерде жеке менчик аттарымды №113 конезаводдун атынан чыгарып жүрчүмүн. Айылга көчүп келгениме ушул ишим себеп болгон. Түпкү жерим Конезавод айылы, бирок Талас шаарында чоңоюп, кийин борбордо жашап жүрдүм. Талас шаарындагы №4 орто мектепти аяктагам. Өзүм жылкыга ушунчалык кызыккандыктан, жылкынын айынан чоң атам тирүү кезинде айылдык мектепте 1993-жылы бир жыл окуп келгем. 2013-жылы Конезавод айылына келип, абалын көргөндөн кийин шаардагы үйүмдү сатып, сарайларды оңдото баштадым. Айнектерин желим кылып жылуулап, эшиктерин оңдоп, электр жарыгын, суу киргизгем. 32 гектар жерге чөп сээп, салыктар төлөнүп, жайкысын жылкыларга тоют даядайбыз.

Бул жакка күлүк аттарым келгем. Башында өзүмдүн жылкыларым мамлекеттик жылкыларга караганда көбүрөөк болчу. Чаап жүргөндөрүм азыр дагы бар. Жакшыларын алып калгам. Айылдын дагы Конезавод аты өчүп бара жатканынан өзүмдүн менчик атымды айылдын аты чыксын деп «№113 жылкы заводдуку» деп жаздырып чапчумун. 2014-жылы Көчмөндөр оюндарында Алмазная деген күлүгүм 3-орунга ээ болгон. Шабдан баатырдын 175 жылдыгында 1-орунду камсыздаган. 1 жылда 9 жолу чабылып, бир эле Көчмөндөр оюндарында 3-орунду алган. Калгандарынан 1-орунду бербей келген. Кыргызстанда «Лучшая двухлетка» деген наамга татыган. Легенда аттуу атым 2012-жылы Казакстандын президентинин кубогунда 1-орунду алып, ошол эле сезондо 7 жолу оюнга түшүп, 1 жолу 2-орунду, 6 жолу 1-орундарды камсыздаган. Легенданы сатылабы деп келип жүрүштү. Алмазная Көчмөндөр оюндарында казактар сатылабы деп сурады. Мен негизи сатпастан, көбөйтүүнү көздөп, көк бөрү, улактарга чаап жүрөм. Спортко жарабай калса бээ кылып тукум алабыз» , - деди ал.

Каарманыбыз жылкы заводдун тарыхын айтып берди.

«Кичинекейибизде заводдо кандай аттар болгонун көрүп, ал аттарды мингенге зар болуп, ушул жерде жылкыларды карап жүрчүбүз. Мамлекеттик жылкылардын бардыгы жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар. Мамлекеттик жылкы чарба «Жаңы кыргыз тукумундагы породалар» деп аталат. Бул жер ушул породаларды чыгарган завод болгон. Бул завод 1936-жылы маршал Буденныйдын буйругу менен негизделген. СССРдин Коргоо министрлигине караштуу болуп, орустар келип, Ф.А.Приходько жана И.Н.Чашкин деген профессорлор Кудайбергенов Чоробай деген аксакал болуп бул породаны чыгарышкан. Чоробай аксакал билими жок адам болсо дагы кудайдан берген таланты менен жылкыны жакшы билген. Профессорлор ушул аксакал менен кеңешип жаңы порода чыгарышкан.

Заводдун өзүнүн функциясы согуш убагында кавалерияга күчтүү, күжүрмөн, шамдагай аттарды даярдап бериш болгон. Улак күжүрмөн, шамдагай оюн болгондуктан жаңы кыргыз тукуму улакка жакшы болуп жатпайбы. Негизи бул аттар ушундай мүнөзгө ээ болушкан. Буларды кышында деле коё берсе өлбөйт, тоодо дагы оттоп жүрө беришет. Минип жүрө берсең чарчабайт, жолго калтырбайт. Илгерки кыргыз жылкыны англис таза кандуулар менен аргындаштырып чыгарган породалар болуп саналат. Булар жумушка дагы жарайт, бардык жерге профессионал аттар» , - деди ал.

Мындагы жылкылар дайыма машыктырылып турат.

«Мени 2014-жылы Талас районунун көк бөрү федерациясынын президенти кылып шайлашкан. Ошондо 13 айыл өкмөттөн бирден жетекчи шайлап, ынтымакка келип Талас жаштары деп команда алып чыкканбыз. «Кең Талас», кийин «Мурас» болдук. Андан соң «Бакубат Талас» болуп «Жылдын мыкты командасы» аталды. 2 жылдын ичинде 31-августта президенттин кубогун уттук. Бишкек шаарынын 140 жылдыгында 1-орунга ээ болдук.

Аттардын жем-суусун берип, күнүгө көрүп жүрүп ар биринин мүнөзү белгилүү. Ар бир жылкы ар кандай мүнөзгө ээ. Сарайда гана багып келебиз. Жайы менен кургак чөпкө кармайбыз. Кургак чөп жегенде жылкы бекем жана жеңил болот. Жайлоо жана жайыттагы көк чөпкө коё берсек бат чарчай турган болуп калат. 2 маал жем берилип турат. Жайы менен машыгуулар болот. Жок дегенде күнүнө 3-4 км жүрүп турат. Өзүбүздүн ветеринарлар бар, көзөмөлдөп турушат», - деди ал.

Азамат саяпкер 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×