Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Талас облусу, Талас 11.02.2019 11:17

Айыл турмушу: Таластык Максат мырза Германиядан алынып келген аарыларды көбөйтүп, тонналаган бал алууда (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну Зарылбек уулу Максат Германиядан алынып келген чаяндарды көбөйтүп, бал өндүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кыштын күнү чаяндардын кырылып калуу коркунучу болот.

«Бал берүүчү чаяндарга аралашып, бал чогултам деген оюмда жок эле. Кийин кошуна акелердин чаяндарына кызыгып жүрдүм. Акырындык менен алардан ар түрдүү сырларын үйрөнө баштадым. Ошол учурда Талас шаарында жашаган немис улутундагы киши 55 үкөк чаянын сатып кеткени жатканын уктум. Андан ар бир уяны 7000 сомдон сатып алганбыз. Кийин дагы Германиядан чаяндын жакшы түрүн алдырдык. Азыр үкөктөрүбүздүн саны 70ке жетти. Дагы өстүрүп, 100гө жеткиребиз деген ойлор бар. Кыштын күнү чаяндардын кырылып калуу коркунучу бар. Бирок Таласта кыш жылуу болгондуктан бизде андай учурлар кездеше элек. Чаяндар көпчүлүк учурда сууктан эмес, ачкалыктан да өлүп калат. Ал үчүн алардын күзгү балын албай, өздөрүнө калтырган оң болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле чаяндардын өздөрүнүн мыйзамы боло тургандыгын белгиледи.

«Ар бир жердин балын өзүнчө баалашат. Мисалы Таластын балын Ат-Башынын балындай көп сурабайт. Бирок өтүмү жакшы. Балды эскирип калат деп эч корпойсуң. Канча убакыт болсо дагы жакшы сакталат. Чаяндарга жаш балага көңүл бургандай күн сайын карап турууга туура келет. Менден кийинки 2 иним бар, алар да бул тармакта чоң жардамдарын көргөзүп келет. Биз чаяндар тууралуу атайын китептерди алып, интернеттен карап, көп жылдан бери чаян баккан, тажрыйбасы бар адамдардан кеңеш алып турабыз.

Чаяндардын өзгөчө мени кызыктырган нерсеси — мыйзамдарынын күчтүүлүгү. Аларда үй жумушчулар, анан бал ташуучулар болуп бөлүнөт. Алар жалкоолорун жактырышпайт. Булар гүлдүү талааны кантип табышат? Атайын чаяндардын ичинен байкоочу чаяндар болот. Алар алдын ала гүлдүү талааларды чалгындап келип, уядагы бал чогулткуч чаяндарга ал жердин картасын бий түрүндө түшүндүрүп беришет. Чаяндар аябай тездик менен иштешет. Бир чаян оозун шире (гүлдүн нектары) толтуруу үчүн 300-400 гүлгө конууга туура келет. Бал чогулткуч чаяндар ширени уядагы жумушчу чаяндарга алып келип берет. Алар иштетип чыгып ширеден балды бөлүп алып, суусун төгүшөт. Бир чаян болжол менен 1500-2000 жумуртка тууйт. Ал жумуркалар азыктанып, 23 күн аралыгында жетилишет. Эң кызыгы алар шыр эле бал чогултууга чыгышпайт. Өздөрүнөн кийинки чыккан жумурткаларды багып, уяда болушат», - деди ал.

Ишкер балчы былтыр бал сатуудан 300 миң сомдон ашык каражат тапкан.

«Бизге былтыркы сезондо балдан түшкөн киреше 300-350 миң сомду түздү. Бул 2 тонна балдын акчасы. Быйыл дагы жаз алды менен ишке киришсек балдын көлөмүн дагы көбөйтөбүз деген ойлор бар. Ал эми чаян чагып же чаян каптап кетүү деген нерселер жайдын күнү бизде күн сайын болуп турат. Башында жакшы көнбөй жаттык эле, азыр балдарым да көнүп калышты (күлүп)», - деди ал.

Максат мырза 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×