Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Баракелде, Бишкек 08.02.2019 17:41 На русском

Гемодиализ сатып алуу боюнча иш козголуп, экс-министр Т.Батыралиевге айып тагылды

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

Turmush -  УКМКнын Антикоррупция кызматынын материалдарынын негизинде «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамынын талаптарын бузуу фактысы боюнча кылмыш иш козголду. Бул иш өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарга (гемодиализ менен дарыланган) медициналык жардам көрсөтүүдөгү сатып алууларга байланыштуу. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-февралда билдирди.

Бул факты боюнча аудит дайындалган. Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 107 млн сомдон ашык каражатка зыян келтирилгени аныкталган.

Кечээ, 7-февралда мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесиндеги 4-бөлүм (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-берененин 2-бөлүмүндөгү 2-бөлүм (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иш козголгону тууралуу кабардар болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×