Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Дүйнө 08.02.2019 15:31 На русском

Москвадагы өрттөн кыргызстандык жубайлардын 3 жаш жана 7 айлык кыздары жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -   Тергөөчүлөр Москва шаарынын батышындагы курулуш вагонунан чыккан өрттүн себептерин тактап жатышат. Бул окуядан 2 жаш бала жаракат алганын шаардын «Москва» агенттиги маалымдады.

Өрт 6-февралда кечинде курулуштардын биринен чыгып, жумушчулар 2 баланы куткарып калышкан. 7 айлык кыздын бети жана манжалары жабыркаса, 3 жаштагы эжесинин бети, таманы жана манжалары күйгөн. Алар хирургиялык жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам чыккан. Жабыркаган балдардын ата-энелери да аныкталып, алар Кыргызстанда төрөлгөнү белгилүү болду. 30 (күйөөсү) жана 22 (аялы) жаштагы жубайлар Москва шаарында жашап жатышкан.

Тергөөчүлөр балдар эмне үчүн курулуш вагонунда болгону жана өрт учурунда ата-энеси кайда кеткени тууралуу маалыматтарды тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×