Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баракелде, Дүйнө 08.02.2019 11:10

Дүйнө биринчилиги-2022: Кыргызстандын курамасы тандоо турундагы оюндарын 2-айлампадан баштайт

Turmush -  Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигине катышуу үчүн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аймагынын тандоо турундагы оюндарын экинчи айлампадан баштап өткөрөт. Бул тууралуу 7-февралда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтинги жарыяланганда белгилүү болду.

Кыргызстан 1253 упай менен 95-орунда жайгашкан.

Жаңыланган рейтингдин жыйынтыгы менен тандап алуу баскычындагы 1-айлампанын оюндарын ойной турган курамалар дагы аныкталды.

АФКнын аймагында Дүйнө биринчилигине тандап алуу баскычы төрт айлампадан турат. Биринчи эки айлампадагы оюндардын жыйынтыктары менен 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун катышуучулары дагы аныкталат.

Белгилей кетсек тандап алуу оюндарынын биринчи айлампасына ФИФАнын февраль айындагы рейтингинде алсыз деп саналган курамалар катышат. Бул курамалар экинчи айлампага өтүү үчүн эки-экиден бөлүнүп, өз талаасында жана конокто 2 оюн өткөрүшөт.

Экинчи айлампада жалпысынан 40 команда күч сынашат. Алардын катарында Кыргызстан курамасы дагы бар. Командалар беш-бештен 8 тайпага бөлүнөт.

АФКга мүчө мамлекеттердин курамалары Дүйнө биринчилигинин тандап алуу баскычындагы 1-айлампанын оюндарын ушул жылдын 6-11-июль күндөрү ойнойт. Экинчи айлампа 5-сентябрда башталат. 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө биринчилигине АФКнын аймагынан 5 курама катышат. Дагы 1 курама континенттер аралык плей-офф оюндарына катышууга укук алат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун оюндарын 1-айлампадан баштап ойной турган АФКнын курамалары: Малайзия, Камбоджа, Макао, Лаос, Бутан, Моңголия, Гуам, Бангладеш, Бруней-Даруссалам, Чыгыш Тимор, Пакистан, Шри-Ланка.

Тандоо турунун оюндарын 2-айлампадан баштай турган курамалар: Иран, Япония, Корея, Австралия, Катар, БАЭ, Сауд Арабиясы, Кытай, Ирак, Сирия, Ливан, Өзбекстан, Оман, Кыргызстан, Иордания, Вьетнам, Палестина, Индия, Бахрейн, Таиланд, Тажикстан, КЭДР, Филиппин, Тайбэй, Түркмөнстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Афганистан, Мальдив, Кувейт, Индонезия, Непал жана Сингапур.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×