Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баракелде, Дүйнө 08.02.2019 09:44 Жаңыланды: 08.02.2019 14:35

Видео — Россияда кар «туткунуна» түшкөн жол тандабасты төө тартып чыкты

Turmush -  Калың кар жаагандан кийин жолго чыккан «Нива» унаасы тоскоолдуктан өтө албай, карга тыгылып калган. Окуя Россиянын Саратов шаарында болгонун Вести.ру басылмасы жазды.

Унаа кар «туткунуна» түшкөндөн кийин айдоочу өз алдынча чыгарууга аракет жасап, бирок оң жыйынтык болгон эмес. Айдоочуга төө баккан адам жардамга келген. Ал унаа тыгылган аймакта жайгашкан паркта төөсү менен кызмат көрсөтөт.

Ал жол тандабасты төөгө байлап, жаныбар унааны эч кыйынчылыксыз кар күрткүдөн тартып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×