Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Баракелде, Дүйнө 21.01.2019 09:02 Жаңыланды: 22.01.2019 01:41

Азия Кубогу - 1/8: Кыргызстан – БАЭ 2:3

Turmush -  Азия Кубогунун алкагында бүгүн, 21-январда 1/8 финалдын оюндары өттү. Азырынча 1/4 финалга 6 команда — Австралия, Япония, Иран, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Вьетнамдын курама командалары чыкты.

Бүгүн Кыргызстандын курама командасы менен үй ээси болгон Бириккен Араб Эмиратынын футболчулары беттешип, 2:3 эсебинде жеңишти алдырдык. Бул көрсөткүч Азия Кубогуна биринчи жолу катышып, 1/8 финалга чыккан кыргызстандык футболчулардын чоң эмгегинин жыйынтыгы.

Үй ээлери буга чейин Индиянын футболчуларын 2:0 эсебинде утуп, Бахрейн жана Тайланддын командалары менен тең чыгуу менен А тобунда лидер болгон. Ал эми Кыргызстандын футболчулары Кытай (1:2), Корея (0:1) жана Филиппиндин (3:1) курама командалары менен беттешип, 1/8 финалга чыккан болчу.

21-январдагы беттештер

17:00 Япония – Сауд Арабия 1:0

20:00 Австралия – Өзбекстан (Австралиянын жеңиши)

23:00 Бириккен Араб Эмираттары – Кыргызстан 3:2

20-январдагы оюндардын жыйынтыгы жана 1/4 финалга чыккан командалар:

Иран — Оман 2:0

Кытай — Тайланд 2:1

Вьетнам — Иордания 1:1 (Вьетнамдын жеңиши).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×