Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Дүйнө 11.01.2019 17:53 Жаңыланды: 13.01.2019 09:30

Москвада 2-кабаттан кулап, оор жаракат алган Элида Букаева жардамга муктаж (сүрөт)

Turmush -  Москва шаарындагы көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан кулап кеткен 54 жаштагы Элида Букаева жардамга муктаж. Бул тууралуу аталган шаарда иштеген Багыт Бапанов билдирди.

Анын айтымында, окуя 2019-жылы 10-январда саат 21:30 чамасында болгон. Э.Букаеванын кошунасынын үйүнөн өрт чыгып, ал коркконунан терезеден аркан менен түшүп бара жатып, экинчи кабаттан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен бели, буту сынып, ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, бейтап дарылануу үчүн акы төлөшү керек. Аны Кыргызстанга алып келүү үчүн 110 миң руль керектелет.

Элида Букаева Каракол шаарынын тургуну. Ал 2 ай мурун Москва шаарына барган. Мекенине кайтуу үчүн каражаты жетишсиз болгондуктан элден жардам сурайт.

Телефон номуру: +7925-227-53-28.

Банктагы эсеби: 5469-3800-8409-2732 (Сбербанк, алуучу Элида Букаева).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×