Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Дүйнө 13.01.2019 21:30 На русском

15 жаштагы Тимур — Москванын «Динамо» клубунда ойногон жалгыз кыргызстандык футболчу (сүрөт)

Turmush -  Москванын «Динамо» футбол клубунун 14 жашка чейинки балдар командасында 2 жылдан бери машыгып келе жаткан Темурлан Култаев командасы менен бирге жеңүүчү болушту. Кара-суулук Темурлан келечекте Англиянын ири клубдарында ойноп, аты алыска кеткен Л.Месси, М.Салах, Э.Азар сыяктуу таанымал футболчу болууну каалайт.

Тимур Култаев 2004-жылы төрөлүп, Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылында чоңойгон. Мындан бир нече жыл мурун Москвада эмгектенген апасынын жанына кеткен. Дээрлик 2 жылдан ашуун убактан бери Москва шаарындагы «Динамо» клубуна машыгууга барууда.

«2 жыл мурун Москва шаарындагы «Динамо» футбол клубунда машыга баштадым. Футболду мен кичине кезимде эле ойночумун. Айылда жүргөндө да досторум менен көчөнү чаңдатып топ тепмей, түз жерлерде футбол ойномой адатыбыз бар эле. Ошол жактагы каалоом ири клубда ойноого түрттү», - деди ал.

Култаев командадагы негизги курамга кирбесе да маанилүү оюндарда ойноп турат.

«Менин машыкканыма аз эле убакыт болду. Андыктан негизги курамга кире элекмин. Биздин машыктыруучубуз — Павел Алпатов. Ал "Динамо" футбол клубунун мурунку оюнчусу. Футболго болгон каалоом дүйнөнүн булуң-бурчундагы ири клубда ойноп жүргөн футболчулардын жетишкен ийгиликтерин көргөндө жанданды», - деп кошумчалады.

Келечекте Англиянын ири клубдарында ойноону самаган жаш футболчу Л.Мессия сыяктуу футболчу болууна каалайт.

«Мен келечекте Англиянын ири клубдарынын бири, өз алдынча тарыхтары бар, Европа, дүйнө футболунда өз орду бар "Арсена" клубу менен "Ливерпуль" клубунда ойноону самайм.

"Динамо" клубундагы 14 жашка чейинки балдардын командасы менен биргеликте 14 жашка чейинки балдар арасында уюштурулган мелдештин чемпиону болдук. Мелдешке Россия боюнча 32 команда катышкан. Анда биздин команда жалпы 8 жолу беттеш өткөрүп, жеңүүчү болду. Жарым финалда «Краснодар» командасы менен ойноп, аны жеңип, финалда «Спартак» командасын 4:1 эсебинде уттук. Биздин командада 2 дарбазачы, 22 оюнчу бар. Мен бул мелдеште 5 жолу оюнга түшүп, 2 гол киргиздим. Командада менден башка кыргыз балдар жок», - деди Култаев.

Учурда ал Москва шаарында апасы Акселки Култаева менен бирге жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×