Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 11.01.2019 10:03 На русском

А.Атамбаев Индияга эс алууга барбай калды

Turmush -  Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Индияга болгон сапарын кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Экс-президент, КСДПнын жетекчиси Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүк өргүүсүн кийинкиге калтырды. Алмазбек Шаршенович 11-январда үй-бүлөсү менен Индияга эс алууга кетүүнүн пландап жаткан. Мындан саясат издебөөнү суранабыз», - деди ал.

Буга чейин КСДПнын басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Индияга барууга камынып жаткандыгын билдирген болчу.

«Алмазбек Шаршенович партиянын иштеринен эс алуу үчүн кыска мөөнөттүк өргүү алууну пландап жатат. Ал азыр мамлекеттик кызматкер эмес жана ар кандай сапарларга чыгуу — анын укугу. Муну саясатка айландырбоону суранабыз», - деп айтылган маалыматта.

А.Атамбаевдин эс алуусу 11-январдан 21-январга чейин пландалып жаткан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×