Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 10.01.2019 12:27 На русском

«Түндүк» бажысындагы башчынын орун басары Автандил Конгантиевди сабаган шектүүлөр аныкталды

Turmush -  Чүй ОИИБ «Түндүк» бажысынын башчысынын орун басары Автандил Конгантиевдин сабалашына байланыштуу маалымат билдирди. А.Конгантиев — мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу.

Милициянын маалыматы боюнча, 35 жаштагы А.Конгантиев арызы менен Аламүдүн РИИБге 2018-жылдын 28-декабрында кайрылган. Анын айтымында, ушул күнү түнкү саат 02:00 чамасында Лебединовка айылындагы ресторандын жанынан ага белгисиз адамдар кол көтөрүп, себепсиз жаракат келтиришкен. Окуядан кийин Бишкектеги ооруканалардын бирине барганын айтты.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул окуяга шектүүлөр аныкталган. Шектүүнүн бири — 35 жаштагы Э.К. учурда Оштогу ооруканалардын биринде дарыланып жаткандыктан тергөө иштерине катыша элек.

Ал эми экинчи шектүү — 28 жаштагы Р.Т. экени такталып, аны кармоо аракеттери улантылып жатат.

2018-жылдын 15-августунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы тууралуу» токтомго өзгөртүү киргизилип, ага ылайык «Нарын» жана «Түндүк» темир жол бажысы түзүлгөн. Андан кийин «Түндүк» бажысынын жетекчисинин орун басары болуп Конгантиев Автандил Молдомусаевич дайындалган болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×