Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баракелде, Дүйнө 10.01.2019 12:35 На русском

Өзбекстанда доллардын артынан чуркагандар жарганаттардын уясын бузууда

Turmush -  Өзбекстанда жаратылышты коргоочулар жергиликтүүлөр социалдык тармактардагы «бир нече миң долларга жарганаттын уясын сатып алабыз» деген алдамчылардын торуна түшүп, бул сүт эмүүчүлөр байырлаган жерлерге зыян келтирип жатканына тынчсызданууда.

Акыркы күндөрдө Өзбекстанда социалдык тармактарда жарганаттын уясынан жакшы каражат тапса боло тургандыгы жана уя үчүн айрымдар 5 миң доллардан 10 миң долларга чейинки каражатты сунуштап жаткандыгы боюнча талкуу жүрүүдө.

Мындай сөздөргө ишенгендер жарганаттын уясын издеп, тоо-таштарга, капчыгайларга барышкан. Издегендерин таап алгандар өздөрүнүн аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жатышкандыгын centralasian.org. билдирди.

«Тирүү планета» жаныбарларды коргоо коомунун активисти Анастасия Ташилова сүт эмүүчүлөрдүн уялары бузулуп жаткандыгына тынчсыздангандыгын айтты. Ал элди бул жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана жаратылышты жок кылбоого чакырды.

«Элдер мындай пикирге ишенип, жарганаттардын уяларын жок кылып жатышат. Аларга ишенбегиле, бул сөздү алдамчылар ойлоп табышкан. Мунун айынан сүт эмүүчүлөр жапа чегишүүдө», - деди ал.

Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары жарганаттын уясынан дары жасала тургандыгын жазышууда.

Жарганаттар - сүт эмүүчүлөр түркүмү. Денесинин узундугу болжол менен 40 см, колдору учууга ылайыкталып, канатка айланган. Тиши курч. Адамга угулган үндөн башка ультра үн чыгарып, анын начар чагылышын да кабыл алууга жөндөмдүү. Жарганаттар начар көрсө да, караңгыда эч нерсеге урунбай уча алат. Суук түшөрү менен чээнге кирет. Тропик өлкөлөрүндөгү жарганаттар жылына эки жолу, ал эми суук жана мелүүн климаттуу жердегилери бир жолу төлдөп, бир же экиден тууйт. Алардын эки түркүмчөсү бар. Тропикте жашоочу 20дай тукумдун 650-700 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 тукумдун 41 түрү (така мурун жарганат жана башка), Кыргызстанда 16 түрү жашайт. ТКЭСтин Кызыл китебине 3 түркүмчөсүнүн 5 түрү, Кыргызстандын Кызыл китебине 5 түрү катталган. Бирок алардын уясынан ракка каршы дары жасалат деген так маалымат жок.

Белгилүү болгондой, Гонконгдо жарганаттын уясынан шорпо жасалат. Латын Америкада жарганаттын кыгы жер семирткич катары колдонулат.

-------------------------------------------------------------

Буга чейин Ноокат районундагы жергиликтүү үңкүрлөрдө жарганаттын уясын издеген жашоочулар көбөйүп баштаганы маалымдалган эле.

Социалдык тармактарда да жарганаттын уясы боюнча билдирүүлөр тарап жатат. Айрымдар бир уянын баасы 5-7 миң доллар экенин айтса, кээ бири анын 1 граммы 1000 долларга бааланарын айтат.

Такталбаган маалыматтар боюнча, бул уялардагы суюктук инсульттан кийин организмди калыбына келтирүүгө жана рактын айрым түрлөрүн айыктырууга жардам берет.

Жарганаттар үңкүрлөрдү байырлагандыктан Turmush басылмасынын кабарчылары Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Улуу-Тоо тоосуна барып келишти. Алар Ош шаарынан баштап аталган аймакка 5 саатта жетишкен.

Жергиликтүү тургун Залкар Токтосунов тоодо 5-6 үңкүр бар экенин, бирок азырынча эл эки эле үңкүрдү биле турганын айтты.

«Жарганаттын уясы тууралуу жайында уккам. Бирок бул тоодон бир да уя тапкан жокмун. Кээ бири тапса да айтышпайт. СССР убагында геологдор тарабынан шахта изделип, үңкүр казылган экен. Ал жерди 100 метр казгандан кийин токтотуп коюшкан. Ал үңкүргө адам аз кирет. Ага жанаша жайгашкан 250 метрдей казылган үңкүргө уя издеген адамдардын киргени билинет. Жогору чыгуу үчүн тартылган жиптер илинип турат, жыгач таяктар да бар. Жарганаттын уясы деп айтылганы менен жарганат уялабайт, жөн гана куруп коет экен. Эмнеден курганы табышмак. Сырты катуу, ичинде болсо кызыл, кара, сары түстөрдөгү суюктуктар болот экен. Ошол суюктук баалуу болот дешет. Муну арабдар буйрутма менен алып, бирок сырын айтышпайт. Инсультка эле эмес, бардык ооруга шыпаа деп уктум. Организмди калыбына келтирүүгө да жардам берет экен. Бирок мен деле ар кимден угам, өзүм факты менен билбейм», - деди ал.

Улуу-Тоодо жашаган Жолдубай аттуу чабан жарганаттын уясын издеп келген адамдар көп экенин жашырган жок.

«Келгениме эми эле он күн болду. Бир күндө жок дегенде эки унаа келип, адамдар жарганаттын уясын сурашат. "Таап берсең 5 миң сом беребиз" деп сунушташты. Бирок менин мал кароодон колум бошобойт», - дейт Жолдубай.

Ош шаарындагы айрым дарыгерлер жарганаттын уясынын дарылык касиети боюнча эч кандай маалыматтары жок экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×