Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баракелде, Бишкек 08.01.2019 18:16 Жаңыланды: 08.01.2019 19:14

2018: Бир күндө үйлөнгөн эгиздер, кортежден баш тарткан жубайлар, калыңга 3 кг алтын... Өлкөдөгү өзгөчө тойлор

Turmush -  2018-жыл да орчундуу окуялар менен толукталды. Turmush басылмасы бул окуялар менен катар эле өлкө аймагындагы өзгөчө тойлорду да чагылдырды. Алардын арасында бир күндө үйлөнгөн эгиздер, кортежден, үлпөт көйнөктөн баш тарткан жубайлар, кыргыздын байыркы салты колдонулган тойлор да бар.

-------------------------------------------------------------------------------------

Алай районунун Гүлчө айылында эгиздер Жаныш жана Байыш Мамановдордун үйлөнүү тою бир күндө уюштурулуп, кызыктуу окуялар менен коштолгон. Кыз узатуу жана үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар тууралуу аймактык кабарчыга Байыш Мамановдун жубайы Айчүрөк Мансурова айтып берген.

А.Мансурова Ноокат районунун Кайрагач айылында өскөн. Ал жолдошу менен 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштери жүрүп жатканда таанышкан.

«Адамдын жашоосу, тактап айтканда анын тагдыры өзүнүн ниетинен көз каранды болот окшойт. Мен кыз-жигит болуп сүйлөшүүнү, сүйүү романын каалаганым менен, кээде көп сүйлөшпөй эле баш кошкондорду да баалачумун. Жолдошум менен алгач ирет жолукканда эле анын адамкерчилиги мени кайдыгер калтырган эмес. Ал эгиздин түгөйү экенин билгенде ага кызыгуум дагы күчөдү. Бирок өмүрлүк жолдош тандоо кадимки тандоолордон айырмаланып, жашоодогу эң негизги үч тандоонун бири. Албетте түрдүү ойлорду ойлонот экенсиң. Бир тарабы коркосуң, бир тарабы кубанасың, анткени эртеңки жашооң кандай болору туңгуюк», - деген ал.

Акыры эки жаш турмуш куруу чечимин кабыл алып, той күнүн белгилешкен. Үйлөнүү тойго чейинки кыз узатуу аземи да өтө кызыктуу өткөнүн кошумчалады.

«Кыз узатуу учурунда досторум таң калышты. Байыш сыртка чыкканда, анын ордуна Жанышты тургузуп койсок, аны эч ким деле байкаган жок. Той күнү биздин столдо төртөөбүз — Жаныш, анын жубайы, Байыш жана мен отурдук. Тойдогу сезимдерди азыр сөз менен айтып жеткире албайм», - деген Айчүрөк.

Айчүрөк Байыштын өзүнө ишенген сапатын жогору баалайт.

«Ар бир адамдын кемчилиги болот, бирок ошол кемчилик менен кошо жактыруу — бул күчтүүлүк болсо керек. Ал эми, келиндик доордо кыйынчылыктар болгон жок. Тойдун эртеси эртең менен короону шыпырып жатсам апам (кайненем) "үйгө кирип уктай бер", деп айткан. Апам жароокер, мээримдүү, мен кыялдангандай аял экен. Ошондуктан бир топ эле жеңил болуп жатат.

Тойдон кийин көп конок тостук. Үйдүн экинчи кабатындагы бөлмөлөргө да коноктор кирип, тамактарды биринчи кабаттан ташып чарчап калып жаттык. Ал күндөрү апам "уктай бергиле, эртең жыйнайсыңар" деп бизди эс алдырган. Ал өтө түшүнүктүү адам. Билбегенибизди үйрөтүп, өзү жаңы келин болгондогу окуяларын айтып берет», - деп кошумчалады.

-------------------------------------------------------------------------------------

Эгиздер Акылбек менен Асылбек эгиз кыздар — Айжан жана Нуржан менен үй-бүлө курушту. Алардын заманбап үйлөнүү тою Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде 16-ноябрда өткөнүн «Репортерго» Акылбек менен Асылбектин ата-энеси — Калыбек жана Нурайым Оржокеевдер билдиришкен.

Апасы Нурайым Оржокееванын айтымында, келиндери — Айжан менен Нуржан анын классташынын кыздары. Ата-энелер алгач жаштарды тааныштырып, алардын көз караштары дал келүү менен мамилелери үйлөнүү тойго чейин жетти.

Ошондой эле жаш түгөйлөрдүн өкүл атасы менен өкүл апасы эгиз балалуу болушкан.

-------------------------------------------------------------------------------------

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Бухара айылында эки жаштын үйлөнүү тоюнда жөө улак тартыш оюну өткөрүлгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тойдун күбөлөрүнүн бири билдирген болчу.


«Биздин айылда 1985-жылы туулган Мелис деген жигит үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү. Анда айылдагы теңтуш достору жөө улак тартыш оюнуна түшүштү. Алардын айрымдары улак тартыш оюнуна катышып жүрүшөт. Баш байгеге 1000 сом берилди. Албетте, оюн кызыктуу болду десек болот», - деп билдиришкен күбөлөр.

-------------------------------------------------------------------------------------

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын кулуну, ырчы жана обончу Ильгиз Абдалиев сүйүктүүсү Минура Алтынбековага баш кошкон. Чыгармачылыкка баш оту менен кирип, кырктан ашык чыгарманы жараткан Ильгиз Абдалиев Аксы районунун кызы – 23 жаштагы Минура Алтынбекованы 8-август күнү куда түшүп алып кеткен. Эртеси, 9-августта алар Бишкектеги ресторандардын биринде үлпөт тоюн өткөрүшкөн.

Эки жаштын жакшылыгына кыргыз улуттук маданиятынын көрүнүктүү инсандары жана Ильгиз Абдалиевдин чыгармачылыктагы достору катышты. 10-августта жаш түгөйлөр Ат-Башы өрөөнүнө барып, элден бата алышты. Ал жерде айыл тургундары кыргыз каада-салты менен жаңы келген келиндин чачын сары май менен өрүп, бир катар жөрөлгөлөрдү жасашкан.

И.Абдалиев 1989-жылы Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында туулган. 4 бир туугандын улуусу. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырып, аны 2010-жылы аяктаган. Андан соң, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияга тапшырып, 2015-жылы эстрада бөлүмүн аяктаган. Учурда Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясында вокал боюнча сабак берет.

-------------------------------------------------------------------------------------
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагынын Кашкабаш айылынын тургуну Нурсеит Сатыгулов жаңы үй куруп, өзгөчө той берген. Өзүнүн айтымында, короосуна 5 боз үй тигип, кыргыз улуттук кийимдерди кийип, меймандарды тосуп алган.

«Көпчүлүк адамдар тойлорун кафе-ресторандарда өткөрүп жүрүшпөйбү. А, биз үйдөн эле өткөрүүнү чечкенбиз. Негизи кафедеги тойго баарыбыз эле барып жүрөбүз. Ал жакта элдер бири-бири менен жакшы сүйлөшө алышпайт. Той ээлери шашып-бушуп, даӊкылдак-дүӊкүлдөк менен өткөрүп коюп жатышат. Мындан улам тоюмду башкалардан өзгөчө кылып өткөрсөм, илгерки каада-салттарды да көрсөтсөм деп ойлоп жүрчүмүн. Кудайга шүгүр, минтип ойлогондой өткөрүп алдык. Өзүмө да жакты, элдин баарына да жакты.

Короого 5 боз үй тигип, ар биринин ичин жасалгаладык. Боз үйдүн экөөсүн ижарага алдык. Беш боз үйгө бирден ырчы, аккордеончу, комузчуларды чакырдык. Алар алмашып, улам бир боз үйгө кирип, ырдап, элдин маанайын көтөрүп жатышты. Эки тамада болду. Конокторду тейлеп жүргөн балдар да, биз дагы кыргыз улуттук кийимдерди кийип жүрдүк. Атайын ашпозчуларды алып келдик», - деген ал.

Нурсеит Сатыгуловдун тоюна 300 адам келип, аларга 2 күн бою сый көрсөткөн.

«Буга улай короого кыз-жигиттерге селкинчек орнотуп, күрөш, ордо, кыз куумай сыяктуу оюндарды уюштуралы деп жатканбыз, бирок аларга убакыт болбой калды. Бирок аркан тартыш оюнун уюштуруп койдук. Жалпы 300 киши келип, эки күн бою сыйладым. Аларды эки бөлүп чакырдым. Ар бир боз үйгө 25-30дан конок отурду», - деген ал.

-------------------------------------------------------------------------------------
Токмок шаарында дунган улутундагы 22 жаштагы Шамил менен 20 жаштагы Халичанын үйлөнүү үлпөт тою өткөн. Тойдо эрке кыздын милдетин ырчы Алтынай Эгенбердиева аткарган. Ал эки жаштын өзгөчө тою тууралуу аймактык кабарчыга айтып берген.

Шамил менен Халича баш кошконго чейин жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.

«Булардын салты биздикинен башкача. Жигит кыз тарапка 1 килограммдан 3 килограммга чейин таза алтын берет. Бирок дасторконго, анча-мынча ырым-жырымдарга көп чыгым кыла беришпейт экен. Андан сырткары кыздын ата-энеси 5 жылга жетерлик сеп берет. Мен кыз узатуу тойго тамадалык кылдым. Ушул тойдо дагы бир өзгөчөлүктү байкадым. Кыз эмнегедир коноктор келип баштаганда кыбыланы карап отурду.

Баарынан кийимдери жакты. Көзгө жакшы көрүнөт. Жаңы келген келин бир айга чейин кооз кийинип, чач учтуктар менен жүрөт дешти. Тойдон мага кызды күйөө баланын үйүнө агасы, жеӊелери узатып барып, агасы көтөрүп киргизип берерин да айтышты», - деген ал.

Алтынай Эгенбердиева үйдүн алдына чемодан коюп коюшарын, ага келген коноктор акча саларын кошумчалады.

«Дасторконго жогоруда айтып өткөндөй көп деле чыгым кылышпайт экен. Бирок жергиликтүү тамактарды жасап, дасторкондун көркүн ачып коюшуптур. Мисалы, ши деп тамактын 105 түрүн жасашты.

Аларга тамаданын деле кереги жок экен. Болгону дискотеканы жакшы уюштуруш керек. Орус тилинде алып барып, дискотека уюштуруп, аягында 2-3 кишиге сөз бердим. Сынак, оюндарын да жакшы уюштуруу керек», - деди ал.

-------------------------------------------------------------------------------------
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бег-Абад айылында үйлөнүү үлпөт той өткөргөн жаш жубайлар кымбат баалуу лимузиндердин ордуна кооздолгон жүк ташуучу унааларда сейилдешти. 12-октябрда үлпөт той өткөргөн Артур Жумабаевдин айтымында, алар жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө 5 жүк ташуучу унаанын, 2 «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын коштоосунда келишкен.

«Мен 1995-жылы Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулгам. Эки бир тууганмын. Менден кийин иним бар. Кичинекей кезимден бери чоң унааларды айдоого кызыкчумун. Акыркы 5 жылдан бери чет өлкөлөргө буйрутмалар менен жүк ташыйм. Быйыл үйлөнүүнү чечип, сүйүктүүм Анарбек кызы Аидага баш коштум. Ал Сузак районунун Кызыл-Багыш айылында 1996-жылы туулган.

Учурда түштүк аймакта үйлөнүү үлпөт тойлор түрдүү автоунаалардын коштоосу менен өтүп жатат. Башка аймактарга караганда бизде өзгөчө болот. Фуралардын коштоосунда сейилдөөнү ойлоп досторума айтсам, алар колдоого алышты. Тойдо сейилдөөгө мени менен бирге иштеген досторум жүк ташуучу унааларын айдап чыгышты», - дейт Артур Жумабаев.

-------------------------------------------------------------------------------------
Алай районунун тургуну Иманбек Азизилла уулу (26 жашта) чыгашасы аз үйлөнүү той өткөрдү. Анын жубайы Ыкыбал Калилова (24 жашта) Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын кызы.

Жубайлар мындан 1 жыл мурда үйлөнүп, Иманбек чет өлкөдө билим алганына байланыштуу тойдун убактысын жылдырышкан. Алардын быйыл 7-сентябрда уюштурган үйлөнүү тоюна жалпы 150 адам күбө болду.

Тойдо көптөгөн чыгашаларды кыскартканга аракет кылдык, дейт Иманбек.

«Ысырапчылыкка жол бербейли, жакшы көрүнүш эмес, токтотуш керек деген сөздөр айтылып келгени менен практикада аткаргандар аз. Баары элден кем калбай, той өткөрүүгө аракет кылышат. Калың, сеп сыяктуу маселелерди ата-энелер чечкендиктен, аларды ынандыра албадым. Калыңга 80 миң сом, 10 баш майда мал, 1 бодо берилди.

Тойдо өзүмдүн күчүм жеткендерди гана кыскарта алдым. Алгачкы эле кадамым — жубайымды үлпөт көйнөктөн баш тарттырдым. "1 суткага 10 миң сомго ижарага алгандан көрө, кийин да кийип жүрүүчү кийим алганың дурус" деп көндүрдүм. Бирок алгач көндүрүү кыйын болду. Акырында кыргыз көйнөгүбүздү кийип чыкты», - деген Иманбек.

Тойдо катар тизилген кортеж да болгон жок. 12 классташ, 3 калемдеш, 3 тайпалаш достору гана эки кичи автобуска батышкан.

«Досумдун унаасына жубайым экөөбүз отурдук, досторум эки кичи автобуска түштү. Жубайым менен бир жыл мурун үйлөнгөндүктөн той күнү ал өзүнүн үйүнө конок болуп барды. Буга байланыштуу бут кийим бекитмей, келин бекитмей, ысырык салмай, кулак чоюу сыяктуу жөрөлгөлөр да болгон жок. Шаардын кире беришинде да ызы-чуу салып, сүрөткө түшүү үчүн убакыт короткон жокпуз. Алайдын тоолорунда, Чыйырчыкта атайын символдуу болсун деп эстеликке сүрөткө түштүк», - деген той ээси.

-------------------------------------------------------------------------------------
Сокулук районунун тургуну Айнагүл Каюмова «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү. Ал жакында эле уулунун үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп, райондогу апалар менен бирге келген конокторго өнөрүн көрсөтүп, кудаларынын көңүлүн көтөргөн. Ал той тууралуу аймактык кабарчыга айтып берген.
Өзүнүн айтымында, шайыр апалар эркектердин кийимин кийинип, 1980-жылдардагы «Бульварым» аттуу чыгарманы сахналаштырып коюп беришкен.

«Жакында эле уулум Абдубакыт уулу Ильяз менен келиним Эльнура Балтабаеванын үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдүк. Той абдан жакшы өттү. Мен өзүм Сокулук районундагы "Шайыр апалар" тобунда ырдап жүрөм. Ушуга байланыштуу тойдун көӊүл ачуу жагын ошол шайыр апалар колуна алышты. Келген коноктор "тойдогу тамаша, оюн, ыр, бийлер окшош болуп калган. Бул өзгөчө, оргиналдуу болду" деп айтып жатышты. Биздин топто 15 апа бар. Алар ак элечек кийип, эки жаш келе жатканда чачыла чачышты. Улуттук бийлерди бийлеп, 1980-жылдардагы "Бульварым" аттуу ырды созушту.

Той Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Ага 260 киши конокко чакырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×