Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 06.01.2019 15:15 На русском

"Орун басар иш бөлмөсүндө": ИИМ коррупциялык иштерге Сүйүн Өмүрзаковдун катыштыгы бар деген маалыматты төгүндөдү

Turmush -  ИИМдин басма сөз кызматы ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

ИИМдин бул маалыматты төгүндөөсү 2018-жылдын 29-декабрында аталган түзүмдүн сайтына илинген. Анда акыркы убакта булактардын бири Сүйүн Өмүрзаковдун аброюна көө жапкан кабарларды көп таратып, Telegraph анонимдүү жарыялоонун сервисине айланганы айтылат.

“Көп убакыттан бери ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин жаман аттуулоо ийгиликсиз уланууда. Дайыма укук коргоо органдарына болгон ишенимдүүлүктү жоготууга багытталган ар кандай болбогон кептерди чыгарып келишет. Тилекке каршы коомчулуктун алдында ички иштер органдарын жамандаган материалдар тез-тез чыгып жатат.

Социалдык түйүндөрдө дагы бир макала пайда болду. Жалган жалаа жаап, ушактагандар чектен чыгып жатышат. Аты-жөнүн жашырган автор өзүнүн материалында ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, жалган маалыматтарды таратууда.

Жарыяланган маалыматта С.Өмүрзаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бардыгын жана иликтөө иши башталганда министрдин орун басары эс алууга чыгып, чет жакка кеткендиги тууралуу жазган экен. Бул кезектеги эле дагы бир жалган маалымат.

Бүгүнкү күндө министрдин орун басары С.Өмүрзаков ИММде өзүнүн иш бөлмөсүндө кызматтык милдеттерин аткарып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×