Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 28.12.2018 12:01 На русском

Раим Матраимов мурунку кызматына кайтабы?

Turmush -  Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык соту Раимбек Матраимовдун ишине байланыштуу өкүм чыгарды. Жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун Р.Матраимовго мурунку кызматына кайрадан эмгектенүүгө укук берген чечими күчүндө калтырылды.

Ал эми сот отурумуна катышкан өкмөт өкүлү бул чечимди жокко чыгаруу үчүн кассациялык арыз жолдоно турганын билдирди.

Биринчи май райондук соту 2018-жылдын 25-июлунда Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун барасы Раим Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковго карата доосун канааттандырган. Мындай чечимди сот Алмаз Алыбаев кабыл алган болчу.

Анда арыз ээсинин өкүлү Татьяна Карыжинская Р.Матраимов саясий мотив менен кызматынан алынганын, ал ошол учурда администрациялык кызматты аркалап келгенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×