Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баракелде, Дүйнө 31.12.2018 09:03 Жаңыланды: 31.12.2018 12:53 На русском

Апасынын асынып турганын көргөн өспүрүм, чиеленген тагдырлар… Психолог Дөөлаткан Кабыкованын тажрыйбасы

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Дөөлөткан Кабыкова 11 жылдан бери психолог-психотерапевт болуп эмгектенет. Бирок анын негизги кесиби тиш дарыгери. Ал эми экинчи жогорку билимин алуу үчүн Москвадагы изилдөө борборунда 3 жыл билим алып келген.

«2005-жылдары Кыргызстанда айлык аз болуп, жашоо кыйындап кеткенде тиш дарыгерлик кесибим менен иштегенге мүмкүн болбой калды. Там куруп баштаганыбызга байланыштуу 3 баламды таштап, акча үчүн Орусияга кетүүгө туура келди. Ошол учурда кичүү балам 3 жашта болчу. Ал мезгилде мигранттардын абалы оорлоп, эркектерге иш табуу кыйын болгондуктан жолдошум балдар менен калган.

Өзүм ак халат кийип жүрүп эле пол жууп калганым, балдарымды алыска таштаганым мага катуу сокку болду. Пол жууп жатканда көз жаштарым тамган күндөр болгон. Ошол убактагы депрессиядан мени китеп алып чыкты. Китеп сатып алганга акчаң жок болсо, чоң китеп саткан дүкөнгө кирип алып, каалашыңча окуганга мүмкүн болчу. Кайра китепти ордуна коюп кетүү керек эле», - деди Дөөлөткан Кабыкова.

Ал эми психология боюнча билим алууга гезиттердеги жарнамалар аркылуу кызыгып калган.

«Кыргызстанда там куруп, бир сомду эсептеп жаткан убагыбыз эле. Көп сумманы талап кылган окууну жолдошума айтсам, “өзүңө ишенсең башта” деген. Ал эми Россиядагы туугандарым: “Кыргызстанда эч ким психологго барбайт, бекер акча коротуп жатасыз”, деп эки анжы ойго салышкан. Бирок эстесем тиш дарыгери болуп иштеген убакта тиштерин дарылатып бүтүп, “сиз менен сүйлөшөлү, кеңешели” дедик эле дегендер көп болуптур. Мурда бирөө психологго барып жатат десе, “жинди болуп калыптыр” дешчү. Азыр эркектер да, аялдар да бирдей келишет. 2 саат сүйлөшөбүз, ошол убакытта ал адамды 1,5 саат угам. Европада шахматтын саатын коюп, убакыт бүткөндө ыйлап жатса да чыгарып коюшат. Ал эми мен биринчи жолугушууда адам төгүлүп, жарылып алсын деп убакытты чектебейм.

Айрымдар кеминде 30 жылдык маселеси менен келип, бат чечим табууну каалашат», - деди психолог айым.

Бир кардар менен он күн сайын жолугуп турушат. Ал эми катуу стресстеги адамдар менен бул абалдан чыкканча тез-тез жолугушат.

«Бир ирет 20 жаштагы кыз келди. Азыр ал турмушка чыгып, бактылуу жашап жатат. Мен ушул кызды көбүнө мисал кылам. 15 жашында апасы ооруп жүргөн экен. Бир күнү сабактан келип, апасын таппай калган. Бир жакка кеткен го деп күтүп жатып, бир иш менен сарайга кирсе апасы асынып туруптур. Өтө акылдуу кыз болчу. Башка адам болгондо кыйкырып, апасынын бутуна асылмак. Ал кыз болоор иш болгонун түшүнүп, акырын эшикке чыгып тура берген. Ошол убакта кошунасы келгенде сарайдан бир буюмду алып чыгууну суранган. Ал кошунасы маркумду көргөндө катуу кыйкырып, ошондо гана адамдар топтолгон. Кыздын мээси ошол убакта өчүп калган, көз жаш да чыккан эмес. Ошону менен 5 жыл ичинен күйгөнү менен жаш чыкпай койгон.

Ал экөөбүз көпкө иштештик. 15 жаш өспүрүм курагында психологиясы өтө катуу соккуга туруштук берген», - деп кошумчалады.

Ошондой эле 15 жаштагы бала 12 жаштагы инисине таарынып, үйдөн чыгып кеткен окуяга күбө болгон.

«Ата-энеси өз айыбын сезбей, мектепти күнөөлөгөн. Ата-эне кичүү баласына көп көңүл буруп, иниси агасын укпай, мектепте да шылдыңдап койчу экен. Акыры улуу баласы өзүн ашыкча сезип, үйдөн чыгып кеткен», - деп кошумчалады.

Психолог — үчүнчү көз болуп, кардардын катачылыгын калыс көргөзүп берген адам. Эгер «сенин айыбың» десе адам жан дүйнөсүн бекитип алат. Адатта көйгөйлөр, кырдаалдар окшош болуп, бирок ар бир адамга башкача чечим чыгат.

«Кээде өтө чиеленишкен маселелер менен келишет. Ошол убакта менден акылдуу же ошол ситуациядан чыккан адамга кайрылам. Кээ бир адамдар сүйлөп жатканда айтып берип жаткан окуя менен өзүнүн мүнөзү төп келбей калат. Өздөрүнүн айыбын жашырып жатканы билинип турат. Ал эми кээ бир адамдар менен маектешип жатканда дубалга сүйлөп жаткандай болосуң. Алар өзүнүн пикирин гана туура деп тура беришет.

Кардарлар менден канча көп нерсе үйрөнүшсө, мен алардан андан да көптү үйрөнөм. Эң көңүлсүз жагдай ажырашабыз деп турган үй-бүлөгө кеңеш берүү. Эмне себеп болгонун сурасам, “ит-мышыктай жашап калдык” дешет. Андайда ит-мышыкка акарат келтирбегиле, ит менен мышык ынтымактуу эле жашашат деп уяткарам. Бала үчүн жарашкыла деп эч качан айтпайм. Бири-бирин жек көргөн ата-энеден эч качан мыкты бала өспөйт. Андай ата-эне менен бир үйдө жашаган бала бири-бирин сыйлабагандыкты, жек көрүүнү үйрөнөбү? Андан көрө адамча ажырашканга күч тапкыла дейм.

Балдарым үйдө психолог болбочу деп калышат. Бирок акыркы 5 жылда кыйкырганымды, ыйлаганымды эстей албайм. Кеп психологиядагы эрежелерди колдонууда эмес, мен көп нерсени түшүндүм», - деди Дөөлөткан Кабыкова.

Ал 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×