Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баракелде, Бишкек 25.12.2018 17:08 На русском

Роза Отунбаеванын Ө.Текебаевге ырайым кылуу боюнча өтүнүчүн кимдер колдоду?

Turmush -  Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлери мурунку президент Роза Отунбаеванын камактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча өтүнүчүн колдошту.

АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, кайрылуу катка Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»), Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан»), Алтынбек Сулайманов («Бир Бол»), Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») кол койгон. Кол коюлган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлөт.

Кийинчерээк өтүнүч катка КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен «Республика - Ата Журт» партиясынын лидери Жыргалбек Турускулов кол койгон.

Жогорку Кеңеште жалпы 6 фракция бар.

Бүгүн, 25-декабрь күнү Роза Отунбаева президентке Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча кайрылуу жасап, парламенттеги 6 фракциянын лидерлерин аны колдоого чакырган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×