Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 25.12.2018 13:34

Кыргызстандан чыккан футболчу Ильзат Ахметов 6 млн еврого бааланды

Turmush -  Кыргызстанда төрөлгөн футболчу Ильзат Ахметов учурда Москванын ЦСКА клубунун жарым коргоочусу. Жаш футболчу 6 млн еврого бааланып жатканын Transfermarkt порталы жазып чыкты.

Ал ушул жылдын июль айында аталган клубга өтүп, ошол учурда 400 миң еврого бааланган болчу. И.Ахметов 28-июль күнү Россиянын супер кубогунун ээси болгон. Ал эми 1-сентябрда «Урал» клубу менен өткөн оюнда топ өткөрүп берүү ыкмасы менен өзгөчөлөнүп, анын баасы 1 млн еврого жеткен.

3-октябрь күнү Чемпиондор лигасында Ахметов мүчө болгон ЦСКА клубу мадриддик «Реалды» 1:0 эсебинде жеңип алган. Бул көрсөткүч менен футболчунун наркына дагы 800 миң евро кошулган.

Ахметов команданын негизги курамынан орун алып, бир нече оюн өткөргөндөн кийин ага римдик «Рома» жана лондондук «Арсенал» кызыгып, ошондой эле Россиянын улуттук курамасы командага чакырган. Бирок ал «Зенит» клубуна каршы оюнда жаракат алып, улуттук курамада ойной алган эмес.

20-декабрга карата анын трансфердик наркы 6 млн еврого бааланды.

И.Ахметов буга чейин Россиянын 2018-жылдагы мыкты жаш футболчусу аталып, жарандыгын алмаштыруу жөнүндөгү чечимди кантип кабыл алгандыгын айтып берген болчу.

Россиянын ЦСКА клубунда жарым коргоочу катары ойногон футболчу мындан башка дагы маалыматтары менен «Красава» долбоорунда бөлүшкөн.

«Мен Кыргызстанды сатып кеткен жокмун. Тескерисинче өзүм төрөлгөн өлкөнү даңазалагым келет», - деген Ахметов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×