Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 25.12.2018 12:44 На русском

Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иш токтотулду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго («Ата Мекен») карата козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда АКИpress агенттигине депутат өзү билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, кылмыштын курамы жок болгондуктан мындай чечим 20-декабрда чыгарылган.

«УКМКнын тергөөчүсүнүн ишти токтотуу жөнүндөгү расмий токтому чыкты», - деди А.Шыкмаматов.

-------------------------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2017-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча процесс болгон. Отурумдун аягында төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу өкүмдү окуган.

Жыйынтыгында:

- Алмамбет Шыкмаматовго 5 млн сом айып салынган;

- Жусуп Иманалиев 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө тыюу салынып, мүлкүн конфискациялоо менен 10,6 жыл күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болгон;

- Али Юксел кылмыштын мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жазадан бошотулган.

Ошондой эле, сот А.Шыкмаматовдун жана А.Юкселдин мүлкүн камоону жокко чыгарган эле.

Ага чейин УКМКдан маалым болгондой, Алмамбет Шыкмаматовго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 30-берененин 3-4-бөлүмдөрү, 303-берененин 2-бөлүмү (коррупцияга аралашуу) менен айып тагылган. Ага карата жашаган жеринен сыртка чыгууга тыюу салуу чарасы кабыл алынган.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылдын 17-февралында Эсептөө палатасынын мурунку аудиторлоруна жана депутат А.Шыкмаматовго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берене менен (коррупция) кылмыш ишин козгогон.

Окуя тууралуу:

Кылмыш иш козгоого УКМК Эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иликтөөгө алган материалдар себеп болгон.

Маалыматта айтылгандай, 2011-жылдын 20-сентябрында Эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов жеңил кызматтык унааларды сатып алуу үчүн тендердик комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарган. Ал комиссияга аудитор Жусуп Иманалиев төрага болсо, аудиторлор Азамат Кангелдиев, А.Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Төлөгөн Чормонов, бөлүм башчы Б.Жаныбеков, башкы адис А.Романов жана транспорт боюнча инженер Н.Беделбаев мүчө болушкан.
«Бирок, тендер факт түрүндө өткөрүлбөй «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамы одоно бузулган. Эсептөө палатасынын аудиторлору унааны жеке тараптар аркылуу өздөрү тандаган. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен жашыруун келишим түзүлүп, жасалма документтер даярдалган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×