Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 24.12.2018 19:29 На русском

Бишкекте жаш жигитти уурдап кетип, сабаган шектүүлөр кармалды

Turmush -  Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 23-декабрда белгисиз адамдар жаш жигитти күч колдонуп уурдап кетишкен. Укук коргоо органдарындагы булактардын маалыматы боюнча, жабырлануучу арыз менен кайрылды.

Жабырлануучунун айтымында, Аман аттуу 20-25 жаштагы жигит эки таанышы менен ага карата күч колдонуп, денесине жаракат келтирип, колу-бутун байлап, «Субару-Импреза» унаасына салып кетишкен. Андан кийин Орто-Сай айылына алып барып, ур-токмокко алып, акча талап кылышкан.

Ал ушул жылы Аманбектен 2 миң доллар карыз алганын билдирген. Бирок ал өз учурунда карызын кайтарып бергенине карабай, Аманбек дагы кошумча 1000 доллар талап кылып баштаган.

Милиция кызматкерлери шектүү 3 жигитти кармап, кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×