Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баракелде, Бишкек 23.12.2018 16:55 На русском

Бишкекте лицензиясы жок клиникада дарыланган аял каза болгон. Табып камакка алынды

Turmush -  Табыпчылык менен алектенип келген Хашим Зайналиев Бишкек шаарында кармалганын бүгүн, 23-декабрда АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин анын үстүнөн арыз түшкөн болчу.

2018-жылдын 20-декабрында Октябрь РИИБге А.С. (эркек киши) аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, 2016-жылдын апрель айында кайын энеси Х.Зайналиевдин клиникасына дарылануу үчүн жаткырылган. Ал эми Х.Зайналиев Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан онкологиялык ооруларды дарылоого уруксат берген лицензиясы жок экенине карабастан лицензияланбаган дары-дармектерди пайдаланып, бейтапты айыктырууну убадалаган. Бул аралыкта А.С. ишенимине киргени үчүн Зайналиевге 100 миң сом өлчөмүндө каражат берген.

Ал эми арыздануучунун кайын энеси 2016-жылдын июнь айына чейин аталган клиникада жатып, оор абалда чыгарылгандан кийин көз жумган. Бул фактыга байланыштуу кечээ, 22-декабрда Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Андан көп узабай шектүү — 1968-жылы туулган Хашим Зайналиев кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×