Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 20.12.2018 15:07 На русском

Депутат А.Сулайманов спикер Д.Жумабековго: Али чоңое элек жаш баласыз. Ылдыйда жүрөсүз. Кыйкыра албайсыз мага (видео)

Turmush -  Бүгүн, 20-декабрда парламенттин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов («Бир Бол») менен спикер Дастан Жумабековдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Мурда Иса Өмүркулов (КСДП) күн тартибине вице-спикер Асел Кодуранованы чакырып алуу маселесин көтөргөн. Андан кийин депутаттар арасында талаш жаралды.

Депутат Сулайманов спикер шашып жаткандыгын белгилеп, сын айтты.

«Дастан Артисбекович Мыктыбек Юсупович сизге айтты. Талкуу башталганда добуш кандай беребиз, ошол мезгилде бериш керек. Процедура ошондой. «Сиз шашып койдуңуз» дегенде «да ушундай шашылып кетилди» деп эле кайра ушул маселени добушка коем, кайра узарттык десеңиз анда макул демекпиз. Сиз актанбаңыз, сиз туура эмес кылдыңыз. Эгер ушундай кыла берсиңиз, сиз... үчөөң тең (спикер жана 2 орун басары) ротация кылышыбыз керек. Түшкүлө үчөөң тең, алмаштырайлы барыңарды», - деди Сулайманов.

Спикер Д.Жумабеков депутаттын антип айтууга укугу жок экендигин билдирди.

- Сиз антип айтканга укугуңуз жок. Анткени мыйзам бар.

- Укугум бар менин.

- Анда мыйзам менен келиңиз. Мыйзам менен айтыңыз. «Түшкүлө» дегендей эмне сиздин ордуңуз беле?

- Недоверия көрсөтөбүз азыр.

- Көрсөтө бериңиз.

- Көрсөтөбүз. Бүгүн көрсөтөбүз азыр. Именно сизге.

- Коркутпаңыз сиз.

- Түшүңүз. Дайым ушундай регламентти бузуп...

- «Түшкүлө» дегендей сиздин ээлеп алган жериңиз беле бул жер?

- Кыйкырбаңыз, Дастан Артисбекович. Сиз мага кыйкыра турганга али чоңое элексиз али. Жаш баласыз азыр. Кечирип коесуз. Сиз мага үнүңүз жетпейт дагы, үнүңүз жетпейт. Ылдыйда жүрөсүз, кечирип коесуз. Кыйкыра албайсыз мага. Башка жака барып кыйкырыңыз. Түшүндүңүзбү?

- Антип түшүндүрбөй эле коюңуз. Сиздин түшүнүгүңүздүн кереги жок мага бул жерде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×