Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 20.12.2018 10:23 На русском

Бүгүндөн тарта 20 жана 5000 сомдук өзгөртүлгөн банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Turmush -  Бүгүн, 20-декабрдан тарта өлкө аймагында улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт.

IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттор төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Классикалык ыкма менен даярдалган, даана жана так көрүнгөн портрет;

- MASK элементи, жарыкка салып кароодо сом деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана);

- Чыгарылган жылы: 2016.

Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттору Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот.

Улуттук валютанын бардык банкноттору өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ жана чыгарылган жылына көз карандысыз төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

img1img

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×