Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 19.12.2018 13:32 На русском

Эгер анын пара аларын билсем аны кызматка койбойт элем, - С.Жээнбеков министрдин орун басарынын кармалышы боюнча

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрдагы маалымат жыйында коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев боюнча комментарий берди.

«Мен бул кадрды өкмөттө иштеп жатканда койгонбуз. Андай кадрлар көп. Мен анын чынында алат деп (пара) билбедим да. Билсем коет белем? Койбойт элем да. Ал өзүнүн жазасын алат», - деди ал.

Окуя тууралуу:

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Ж. 50 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң суммадагы акча жол куруу жана реабилитациялоо иштерине байланыштуу тендерди оң жакка чечип берүү кызматы үчүн талап кылынган. Ал эми шектүү чиновник тендердик комиссиянын төрагасы жана чет элдик компаниянын коргоочусу болгон.

Жалпы бул кызмат үчүн 520 миң доллар талап кылынып, чиновник А.Ж. анын ичинен алгач 120 миң долларды буга чейин чет элдик компаниянын өкүлүнөн тууганы болуп эсептелген ортомчу аркылуу алган. Ал эми калган сумманы кийинки жумада алууну пландаган болчу.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп Азимкан Жусубалиев эмгектенип жаткан.

Ал 2016-жылдын 28-апрелинде премьер-министрдин буйругу менен Өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2017-жылдын февраль айынан тарта транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп эмгектенип баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×