Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 19.12.2018 13:14

Атамбаевди жоопко тартууга даярсызбы? Атамбаевге каршы жазылган мыйзам болсо каршы болмокмун, - С.Жээнбеков

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрдагы маалымат жыйында президенттик кол тийбестик, Алмазбек Атамбаевдин жоопко тартылышы жөнүндөгү суроого жооп берди.

«Кол тийбестик боюнча... Эгер бул чынында Атамбаевге каршы жазылган мыйзам болсо мен каршы болмокмун. Бирок бул бул биздин Конституцияга каршы келген, шайкеш келбеген мыйзамды биздин эң негизги мыйзам Конституцияга шайкеш келтирип жатышат. Бизде Конституцияда «мыйзам алдында бардыгы бирдей» деп жазылган. Бул мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Бул мага да тиешелүү. Мына мен деле кийин тапшырам, кетем да. Ар бир адам кийинин ойлошу керек. Менин атам «мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи баары чыгат» деп айтчу эле. Ошол сыяктуу ар бирибиз мыйзамдын алдында бирдей болушубуз керек. Бирок бир жагы бар экс-президентти кайсы учурда жоопко тартат? Бул даана жазылышы керек. Экс-президент президент болуп иштеп жатканда көп душман табат. Анан өч алам дегендер көп болот. Мен аны түшүнүп турам. Ошон үчүн кайсы учурда жоопко тартат даана жазылышы керек.

Экинчи жоопко тартасызбы дейсиз. Мен эч кимди жоопко тартпайм. Муну мыйзам тартат, тишелеүү органдар тартат. Мыйзамдын алдында бардыгыбыз тең бирдей болушубуз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×