Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 19.12.2018 13:01

Сооронбай Жээнбеков күн тартиби тууралуу айтып берди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрь күнү өтүп жаткан маалымат жыйындын алкагында күн тартиби тууралуу айтып берди.

Өлкө башчы: «Өзүм жөнүндө буга чейин айтчу эмес элем. Эми бул кызматка келгенден кийин айтууга туура келет. Бардыгы жүргөн-турганымды, эмне кылганымды билиши керек. Эртең менен саат 07:30да ишке кетем, иштен кеч кайтам. Жумушка барганда аппарат келгиче өзүм эле иштейм, китеп окуп, даярданам. Кечинде кетип жатканда да бир сыйра маалымат алып, үйгө келип да иштейм. Ачыгын айтканда, үй-бүлөгө деле убакыт жок, алар өзү менен өзү. Жакшылык-жамандыкка көп катышчумун, азыр эч жакка чыкпай калдым», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×