Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 19.12.2018 12:04

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар Чүйдө мектептерди, бала бакчаларды салууга сарпталат, - С.Жээнбеков

Turmush -  Биз коррупцияга каршы күрөштө 1 жылда 8,5 млрд сом түшүрдүк. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрдагы маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда коррупцияга каршы күрөштү жокко чыгаруу үчүн да маалыматтар таркатылып жатат.

«Коррупцияга каршы күрөшүүнүн үстүнөн бекем иштеп жатабыз. Биз кайсы багытта күрөшүүнү билебиз. Кандай схемалар бар экенин билебиз. Биз системалуу коррупция менен системалуу күрөшөбүз. 2018-жылдын июль айында коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар которула турган эсеп ачтык. Азыр 800 млн сомго жакын акча которулду. Жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштөн 5,5 млрд сом түштү. Бул акчалар улуттук банкта сакталууда. Мен бул эсеп ачылып жатканда «Миграция негизинен Бишкекке жана Чүй облусуна болуп жатат. Азыр мектептер, бала бакчалар толуп калды. Биз бул акчаларды толугу менен ушул социалдык объекттерге сарптайбыз» деп айткам. Ошондуктан бул каражаттарды Бишкек менен Чүйгө жөнөтөбүз.

Азыркы учурда коррупцияга каршы күрөштү жокко чыгаруу үчүн да маалымат таркатып жатышат. «Биз 1 жылда 8,5 млрд сом түшүрдүк. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүп жатып, 5,5 млрд эле (сом) түшүрдү. Бул эмне деген күрөш?» деп жатышат. 5,5 млрд акчадан тышкары 3,5 млрд акчага азыр арест коюлду, мүлктөргө. Аны кийин сот чечет.

Анан мактанып жаткан 8,5 млрд боюнча айтып коеюн. 8,5 млрд акчанын 5 млрд 417 млн сому «Мегакомдон» түшкөн. Мен өкмөт башчы болуп турганда «Мегакомду» менчиктештирүү боюнча (чечимди) Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ошону сатуу боюнча маселе коюп жатканда бул маселе ар банктарда депозитте жаткан. Бул 5 млрд 417 млн сом «Мегакомдун» балансында болгон. Ошондо менчиктештирилип кеткенде («Мегаком») ошол акчаларды алып кетишмек. Бул коррупциялык схема болгон. Мен айткам, ошонун негизинде 5 млрд 417 млн сом түшкөн. Эмне үчүн 2010-жылдан бери жаткан каражатты мурун алышпайт? 2017-жылы алынат. Аны билишкен. Бирок «Мегаком» менчикке кетсе 80 млн долларды алып кетебиз дешкен.

Экинчиси соттошууда «Билайн» компаниясынан 1,5 млрд сом түшкөн. Ошону менен 6 млрд 900 млн сом 2 эле компаниядан түшкөн. Муну эстегенде айтып коеюн», - деди Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×