Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Бишкек 19.12.2018 11:53

«Эч качан үй-бүлөлүк башкаруу болбойт»: Сооронбай Жээнбеков бир туугандарын тааныштырды

Turmush -  Бүгүн, 19-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Өлкө башчы журналисттин үй-бүлөлүк башкаруу боюнча суроосуна жооп берип, бир туугандары менен тааныштырды.

«Үй-бүлөлүк башкаруу боюнча регион, облустарга барганда айтып, элге түшүндүрүп жатам. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхын жакшы билем, Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат болдум. Ошону көрүп туруп кантип ушул жолго барайын? Мен үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм. Ачык айтып, бир туугандарымды тааныштырайын. Биз 11 бир тууган болчубуз, учурда сегизибиз калдык. Эң чоңубуз Кантөрө Шарипович, ал илимдин доктору. Биринчи жолу Жалал-Абадда коммерциялык жогорку окуу жай ачып, көп жылдар бою ректорлук кызматты аткарды. Эгинчи агам математик мугалим. Андан кийин эжем, ал медик, Бишкектеги поликлиникада иштейт. Окууну бүткөндөн бери поликлиникада эмгектенет. Андан кийинки агам 2017-жылдан бери элчи болуп сыртта жүрөт. Ал мен президент болгондон бери өлкөгө келгенден коркуп калды. Андан кийинкиси прокурор агам, анын көзү өтүп кетти. Агамдан кийин мен. Ал эми карындашым дипломаттын жубайы. Андан кийин өзүңүздөр билген Асылбек Шарипович. Андан кийинки карындашым айылда өз иши менен алек. Кичүү иним токой чарбанын директору болгон. Ал учурда атабыздын конушунда жашап, мал чарба, дыйкан чарба менен алек.

Кудам жөнүндө да айтылып жүрөт. Кыргызда кудалар сый-урматта жүрөт. Биз аны менен балдар тууралуу гана сүйлөшөбүз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көп проблемаларды көтөрдүңөр. Жакында "Мегакомго" кудамдын тууганы бөлүм башчы болуптур. Аны силер жаздыңар. Мен аны билген эмесмин. Ал арыз жазып, кызматынан кетиптир. Кландык башкарууга мен баш болуп жол бербешим керек. Бардык көйгөйдөн кабардармын. Мени мактаганды эмес, проблеманы айтканды жумушка алып келгиле дейм. Элдин алдында убада берем, үй-бүлөлүк кландык башкаруу эч качан болбойт», - деди Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.74% (788)
«РСК Банк»
31.94% (496)
«Капитал Банк»
5.99% (93)
...
Всего голосов: 1553
×